Сузакта эски аба майданы мамлекетке кайтарылды
Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданы мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.
Тагыраагы Сузак районундагы "Плодородие" бирикмесине тиешелүү стратегиялык аэродром реформалар учурунда коррупциялык схемалар менен жеке менчикке өтүп кеткен.
2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. мыйзам бузуу менен аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.
Бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
"Учурда УКМК мурда айыл чарба химия системасынын ишканаларына тиешелүү болгон бардык жерлердин мыйзамдуулугун комплекстүү текшерип жатат, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.