Бишкекте айрым айыл чарба жерлерин курулушка берилет
Бүгүн "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров 2050-жылга чейин Башкы план долбоорун талкуулап жатып, айрым айыл чарба жерлерин курулушка берүү боюнча маалымат берди.
Депутат Эркеайым Сейтказиева Башкы пландын шаардын аймагын кеңейтүү жана административдик-территориялык реформаларды эске алуу менен иштелип чыкканын жана айыл чарба жана тоо-чарба жайыттарынын статусу кандай экенин тактоону суранган.
Вице-мэрдин айтымында, Башкы план долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн. "Долбоорго ылайык, айрым айыл чарба жерлери курулушка берилет. Мисалы, Орок айылынын аймагындагы "Бишкек Сити Центр" долбоору жана "Тунгуч" аймагында курулуш үчүн", — деди Азамат Кадыров.
Ошондой эле ал бардык акимдиктерде айыл чарба жерлерин башкаруу үчүн атайын бөлүмдөр түзүлөөрүн жана бул жерлерди көзөмөлдөй турган вице-акимдин кызмат орду киргизилээрин билдирди.