Талас шаарында “Баластан” оюн-зоок борбору курулуп жатат
Талас шаарында “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Ааталган оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт.
“Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында инновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг залы, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган борборлордун курулушу каралган.
Долбоордун өзгөчө багыттарынын бири — жасалма интеллект менен жабдылган 5–6 роботту орнотуу. Бул багытта учурда Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Келечекте роботтор гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтмөкчү.
Учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш иштерине 115 адам тартылган.
Белгилей кетсек, Талас облусунда жүрүп жаткан бардык ири курулуш объектилери Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт.
Эске салсак, 2026-жылы Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда республикалык деңгээлде белгиленет.