Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат
Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аймагында Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу объекттерди бузуу иштери уланууда.
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов билдиргендей, "Маёвка" кафеси, ашкана, пилорама жана Red Petroleum май куюучу бекети туш келди. Бул объекттер Жаш Гвардия — Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Мындан тышкары, Пригородное айылында жайгашкан тосмолор, кошумча курулуштар жана башка объекттер да бузулду.
"Бул объекттер жайгашкан жер тилкелери мурда ижарага берилген. Учурда шаар мэриясы ижарага берүү тууралуу чечимди жокко чыгарды", — деди Байысов.
Анын айтымында, 2025-жылы "Тулпар" базарынан Калыс-Ордо бурулушуна чейинки тилкеде болжол менен 200дөй объект демонтаждалган. Ошондой эле 10 турак жай үйү да бузулган.
"Бул үйлөрдүн ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак жай берилди. Азыр дагы 7 үй боюнча турак жай берүү иштери жүрүп жатат.
Жалпысынан компенсациялоо жана көчүрүү саясатынын алкагында 17 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Аймакты бошотуу жана объекттерди бузуу иштери азыркы учурда да уланууда", — деп түшүндүрдү Азиз Байысов.