Чатырында тик учак коно турган 25 кабаттуу бизнес-борбор курулат

Чатырында тик учак коно турган 25 кабаттуу  бизнес-борбор курулат

Бишкек шаарынын борборунда “Кыргызстан аэропорттору” ААК "Авиатор" аттуу жаңы, технологиялык жана креативдүү, 25 кабаттан турган бизнес-борбор курууну пландап жатат.

“Авиатор” учуу, динамика жана жогорку технологиялар темасын чагылдырган дизайнердик чечимдер менен авиациялык стилде аткарылат. Комплекстин ичинде ишкерлер, стартаптар жана креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн бизнес аянтча, кеңсе, ресторан, бутик, отель жана башка заманбап мейкиндиктер жайгашат.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — 25 кабаттуу имараттын чатырында тик учак конуучу аянтчанын болушу. Бул чечим борбордун концепциясын гана эмес, анын премиалдык сервиске жана жогорку мобилдүүлүккө багытталгандыгын айкын көрсөтүп турат.

“Asman Airlines” авиакомпаниясынын (“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын туунду түзүмү) Бишкек шаарынын аймагында жана ага жакын райондордо эс алуу жана ишкердик багыттардагы тик учак каттамдарын жүзөгө ашыруусу мерчемделүүдө. Компания бул максаттарда жакын аранын ичинде тик учак сатып алууну көздөп жатат.

“Авиатор” долбоору бизнес өкүлдөрүн, инвесторлорду жана борбор калаанын конокторун өзүнө тарта турган жаңы борборго айланып, инновацияларга ачык, заманбап жана дымактуу Бишкектин символу болууну көздөйт", — деп белгиледи “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.