Курулуш министринин орун басары 500 миң сом маяна кайдан чыкканын түшүндүрдү

Курулуш министринин орун басары 500 миң сом маяна кайдан чыкканын түшүндүрдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бардык кызматкерлери жогорку маяна алышпайт. Министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айрым кызматкерлер эмне себептен 500 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн экенин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Кыргызстанда архитекторлордун саны аз, ал эми технологдор өлкө боюнча болгону сегиз эле адам.

"Архитекторлор 6–7 жыл окушат. Долбоор даярдоодо алар бир чарчы метрине 15–20 доллардан алышат. Мурда Архитектура департаменти жок болчу, министрлик долбоорлорду өзү жасабай, жеке компанияларга берип келген. Ошондо депутаттар: “Эмне үчүн чоң институт өз алдынча долбоор чийип бере албайт?” деп сурашкан. Биз департамент түзүп, архитекторлорду жана конструкторлорду жумушка алдык", — деди министрдин орун басары.

Ал мисал катары айлык акысы 477 миң сом болгон бир кызматкерди келтирди. Ошол эле учурда бул каражат бир эле долбоор үчүн жана чоң көлөмдөгү жумуш үчүн төлөнгөнүн белгиледи. Мындай айлык ар ай сайын берилбейт, айрым учурларда бир нече ай бою таптакыр айлык албай калышы мүмкүн.
"Бардык кызматкерлер мындай айлык алышпайт. Курулуш министрлигинин борбордук аппаратындагы 45 кызматкер Каржы министрлигинен айлык алат, ал эми 2 миң 236 кызматкер бюджеттен бир тыйын да алышпайт. Биз — өзүн өзү каржылап, мамлекетке салык төлөгөн жалгыз министрликпиз. Менин айлыгым 64 миң сом, ал эми Жогорку Кеңештин башкы адиси 80 миң сом алат", — деди Талантбек Иманакун уулу.

Буга чейин Жогорку Кеңеште министрликтин саясаты сынга алынган, анткени ал турак жай бааларынын өсүшүнө алып келип жатканы айтылган. Ошондой эле депутаттар министрдин социалдык тармактарда айрым кызматкерлер 500 миң сомго чейин айлык алат деп мактанып жазганына нааразы болушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.