"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты
Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты.
Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган. Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду салуу, эс алуу зоналарын түзүү, кошумча жашыл аянтчаларды уюштуруу жана туристтик инфраструктураны жакшыртуучу элементтерди киргизүү пландалууда.
Архитекторлордун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты — аймактагы эң маанилүү тарыхый объекттердин бири болгон "Бурана" комплексине келген жергиликтүү тургундар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү болуп саналат.