Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.

Базарлар инфраструктурасы

Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана аралаш базарлар (23 миң 892 орун) ээлейт.

Соода орундардын саны боюнча Бишкек шаары лидер болуп саналат — борбордо 29 миң 497 соода орду жайгашкан, бул республика боюнча жалпы көрсөткүчтүн болжол менен 35%ына туура келет. Экинчи орунда Чүй облусу турат — 11 миң 487 соода орду.

Автоунаа базарлары

Автоунаа жана тетиктерди сатуу секторунда 10 адистештирилген базар иштеп, анда 12 миң 401 соода орду бар. Бул базарларда негизинен жеке ишкерлер жана жеке адамдар иш жүргүзүшөт:

  • жеке ишкерлер — 5 миң 846 орун,
  • жеке адамдар — 6 миң 533 орун.

Ал эми юридикалык жактар республика боюнча болгону бир гана соода ордун ээлейт.

2025-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы боюнча бул сегментте соода орундарын пайдалангандыгы үчүн жыйналган төлөмдөрдүн жалпы суммасы 163 млн 231 миң сомдон ашкан.

Соода борборлору

Өлкөдө жалпы аянты 472 миң 608 чарчы метрди түзгөн 95 соода борбору иштейт. Алардын дээрлик жарымы — 43 объект — Бишкек шаарында жайгашкан.

Соода борборлорунда 7 миң 957 соода орду уюштурулган, анын ичинен 5 миң 458ин жеке ишкерлер ижарага алышкан.

Ижара баасы

Республика боюнча бир соода ордунун бир күндүк орточо ижара баасы 182 сомду түзгөн.
Эң жогорку баалар Бишкек шаарында — 292 сом,
эң төмөнкү баалар Ысык-Көл жана Баткен облустарында — тиешелүүлүгүнө жараша 73 сом жана 77 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле