Ак-Суу айылында 10 гектар жер өнөр жай максатындагы категорияга өткөрүлдү

Ак-Суу айылында 10 гектар жер өнөр жай максатындагы категорияга өткөрүлдү

МинКаб Чүй облусунун Ак-Суу айылындагы 10 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка максаттагы жерлер категориясына өткөрүү тууралуу чечимди бекитти.

Жер тилкеси мамлекеттик менчикте болуп, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары үчүн пластмасса буюмдарын чыгаруучу завод куруу максатында пайдаланылат. Чечим Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын корутундулары эске алынып кабыл алынган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шаар куруу документтерин иштеп чыгып бекитүү, жер эсебине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жер тилкесин катуу максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданы компенсациялоо тапшырылды.

Мындан тышкары, санитардык нормаларды сактоо, сейсмикалык туруктуулук жана инженердик камсыздоо талаптарын аткаруу, жер үстүндөгү сууларды буруп кетүү, ал эми тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда археологиялык көзөмөлдү уюштуруу милдеттендирилди.

Документте белгиленгендей, эгерде жер тилкеси максаттуу пайдаланылбаса, ал мамлекет тарабынан кайтарып алынып, баштапкы абалына келтирилиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү