Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.
Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Иш-чаранын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду.
Белгилей кетсек, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин 1952-жылы турак үй багытында курулган имаратта иштеп келген.