Бишкекте өрт сигнализацияларын жаңылаш үчүн 3,5 млн сомго тендер жарыяланды
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун билим берүү башкармалыгы мектептер жана бала бакчалар үчүн өрт сигнализациясын оңдоо боюнча тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге жалпысынан дээрлик 3,5 млн сом бөлүү пландалууда. Анын ичинде 1,5 млн сом райондун орто билим берүүчү мектептерине, ал эми болжол менен 1,7 млн сом бала бакчаларга каралган.
Өрт сигнализациясын оңдоого каражат төмөнкү билим берүү мекемелерине бөлүнөт:
- №7 жумушчу жаштар мектеби
- №71 мектеп-интернаты
- №34 атайын (жардамчы) мектеби
Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши жыйынында борбор калаанын мектептерин өрттөн коргоо маселеси көтөрүлгөн.
Чиновниктердин маалыматына караганда, 116 мектепте жана 118 бала бакчада өрт сигнализациясы бар. Ал эми Ленин районундагы бир нече окуу жайында жана үч мектепке чейинки билим берүү уюмунда сигнализация орнотулуп жатат.