Москва районунда жалпы наркы 12 млн 857 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Москва районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Москва районунун прокуратурасы социалдык объектилерди куруу үчүн арналган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгенин аныктады. Аталган жер тилкелеринин аянты:
- Ак-Суу айыл аймагында 7653 чарчы метр,
- Нарзан айыл аймагында 1000 чарчы метр болгон.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы 12 млн 857 миң 100 сом базардык наркы бар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.