1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган.


Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада тиешелүү чаралар көрүлүп, жер тилкеси мамлекеттик баланска өткөрүлдү.
Тийиштүү кызматтар жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдү мындан ары да уланта бермекчи.