Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты.

Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш менен камсыздай турганын белгиледи.

Калаа башчысы шаарды өнүктүрүү алкагында төмөнкү аймактарда өндүрүш зоналарын түзүү пландалып жатканын айтты:

  • Озгур айылы – агрардык өндүрүш;
  • Жапалак – тамак-аш өнөр жайы;
  • Алымбек-Датка – оор өнөр жай;
  • Жибек-Жолу – жеңил өнөр жай.

Бул демилге өндүрүштү иретке келтирип, шаардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.

Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди. Бул иштер этап-этабы менен ишке ашырылып, жакынкы жылдары Ош шаарында жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өзүнүн баракчасында “ESG: экология банктык тобокелдикке айланганда” аттуу билдирүүсүн жарыялады. Анда төрага, бир нече жыл мурда ESG негизинен эл аралык конференцияларда угулса, азыр банк тутумунда жана инвестициялык чөйрөдө көбүрөөк талкууланып жатканын билдирип, туруктуу каржылоо убактылуу тенденциябы же жаңы стандартпы?- деген суроону талдоого алды. Тургунбаевдин

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты. КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана