Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты.

КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана долбоордун аяктоо мөөнөттөрүн талкуулашты. Алар бул объект эл аралык стандарттарга жана футбол инфраструктурасынын талаптарына толук жооп бериши керек экенин белгилешти.

Мындан тышкары, сапардын алкагында союздун жетекчилиги Талас шаарындагы №6 мектептин аймагында жайгашкан футбол талаасына да барып, анын абалы менен таанышышты.

Эске салсак, стадиондун курулушу үчүн капсула 2025-жылдын 9-апрелинде салынган. Курулуш аяктагандан кийин Талас облусунда эл аралык деңгээлдеги футбол матчтарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңы стадион Азия футбол клубунун үй аренасы болуп калат. Ошондой эле ал аймакта футболду өнүктүрүүгө, жаштарды спортко тартууга жана спорттук инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында курулуш реестрине катталбаган 9 кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Варкутинск көчөсүнүн №35, 37 жана 39 даректеринде курулуп жаткан

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өзүнүн баракчасында “ESG: экология банктык тобокелдикке айланганда” аттуу билдирүүсүн жарыялады. Анда төрага, бир нече жыл мурда ESG негизинен эл аралык конференцияларда угулса, азыр банк тутумунда жана инвестициялык чөйрөдө көбүрөөк талкууланып жатканын билдирип, туруктуу каржылоо убактылуу тенденциябы же жаңы стандартпы?- деген суроону талдоого алды. Тургунбаевдин

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана