Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү
2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүүгө карата учурдагы тыюуну алып салууну карайт — бул жерлер мамлекеттин социалдык муктаждыктары үчүн керек болгондо колдонулат.
Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө айтылгандай, демилге калктын билим берүү инфраструктурасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен байланыштуу. Мурда бош жер тилкелери жоктугунан №1 мамлекеттик резиденциянын аймагында социалдык объекттерди жайгаштыруу үчүн участок бөлүү чечими кабыл алынган.
Учурда бул аймакта (тактап айтканда, болжол менен 10 гектар) социалдык комплекс иштеп жатат. Айрыкча, мектеп курулуп, аны президент Садыр Жапаров ачкан, ошондой эле бала бакча жана медициналык борбор да иштей баштаган.
Мыйзам долбоору социалдык объекттерди мамлекеттик резиденциянын аймагына жайгаштыруу боюнча мурда алынган чечимдерди мыйзам менен шайкеш келтирүүгө багытталган.