Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди
Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Маалыматка ылайык, турак жай балдардын төрөлүшүнө байланыштуу жана үй-бүлөлөрдү колдоо алкагында белек катары берилген. Белгиленгендей, батир Ош шаарында жайгашып, жашоого толук даяр.
Бийлик өкүлдөрү мындай чаралар жарандарды колдоого жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталганын белгилешти.
"Ар бир жаранына кам көрүлгөн өлкөдө өсүп жаткан балдар дени сак жана бактылуу болсун", — деп айтылат билдирүүдө.