Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр
Ат-Башы районундагы мал базар пайдаланууга берүүгө даяр экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бүгүн министр Эрлист Акунбеков мал базар жана соода борборунун курулушу менен таанышты.
"2022-жылы базар толук трансформацияланып, жалпы 7,8 гектар жерди ээлеген. Анын ичинен 3,7 гектары толугу менен курулуп, учурда пайдаланууга берүүгө даяр абалда. Базар иштебей турган учурда да салыктар толугу менен төлөнүп атты", - дейт жеке ишкер Канат Алтыганов.
Анын айтымында, эгер ишкерлер патент алса жана салык төлөсө, бул районго кошумча киреше алып келмек. Ал соода борбору 700-800 орунга ылайыкташтырылганын кошумчалады.



Белгиленгендей, агрардык туризмди өнүктүрүү жана колдоо максатында Арашан породасындагы асыл тукум койлордун көргөзмөсү 19-апрелде өтөт. Бул иш-чарага байланыштуу Ат-Башы районундагы мал базардын ачылышын пландоо каралууда. Министр базардын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана бардык шарттарды жакшыртуу тапшырмасын берди.