Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу макулдук алуу боюнча документ жөнөттү. Аталган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүү каралууда.

Документте Бишкек шаардык кеңеши аянты 50,8052 гектар болгон, идентификациялык коду 1-04-12-0032-0375, Бишкек шаары, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук бериши керектиги көрсөтүлгөн.

Кошумча документтерде төмөнкүлөр каралган:
  • 50,4938 гектар жер карьер үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилет;
  • 0,3114 гектар жер көрктөндүрүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилет.

2025-жылдын апрель айында мэрия бул жерлер Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөрүн билдирген болсо, 2026-жылдын февраль айында алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөрү айтылган.

Бул аймак мындан ары мамлекеттин кызыкчылыгында максаттуу пайдалануу, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилери пландалууда.

Мындан тышкары, Бишкек мэриясы шаардык кеңешке мамлекеттик менчиктеги объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча макулдук берүү тууралуу документтин мөөнөтүн узартууну сунуштоодо. Бул документтин негизинде мэрия Бишкек шаардык кеңешинин кошумча бекитүүсүз эле мамлекеттик объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук бере алат. Бул норманы дагы 2 жылга узартуу сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Кыргыз жүн" жүндү кайра иштетүүчү ишканасына барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө министр өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар жана даяр продукциялар менен таанышып, тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. "Кыргыз

Англияда 6 айга иштөө үчүн эмнелер талап кылынат?

Англияда 6 айга иштөө үчүн эмнелер талап кылынат?

Англиядагы эмгек келишими 6 айга чейинки мөөнөткө түзүлөрүн "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, Англияда иштөө үчүн англис тилин билүү милдеттүү шарт эмес, орус тилин билүү жетиштүү. Себеби, жумуш орундарындагы жетекчилердин жана супервайзерлердин көбү Чыгыш

Иммунитетти чыңдаган жашыл шире: Мунара Нуралиеванын гидропоника менен башталган ишкерлик жолу

Иммунитетти чыңдаган жашыл шире: Мунара Нуралиеванын гидропоника менен башталган ишкерлик жолу

Мунара Нуралиева – 36 жашта, 6 баланын энеси. Анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна кам көрүүдөн башталган аракети бүгүнкү күндө чакан жана пайдалуу өндүрүшкө айланган. Тактап айтканда, ал гидропоника ыкмасы менен буудайды өндүрүп, андан витаминге бай табигый шире өндүрүп келет. Бүгүнкү күндө бул жашыл шире көпчүлүктүн суроо-талабына ээ болуп, Мунара айымдын үй-бүлөлүк демилгеси

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы мал базар пайдаланууга берүүгө даяр экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министр Эрлист Акунбеков мал базар жана соода борборунун курулушу менен таанышты. "2022-жылы базар толук трансформацияланып, жалпы 7,8 гектар жерди ээлеген. Анын ичинен 3,7 гектары толугу менен курулуп,