Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга чейин каралган. Жаңы тилкелер 10% баа менен берилет, ал сатып алуу катары эсептелет", — деди Кадыров.

Кадыров мыйзам алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мурда берилген тилкелерди сатып алуу методологиясын иштеп чыгуу тапшырылганын белгиледи. Долбоор куруучулар менен биргеликте даярдалган.

Сунушталган методикага ылайык, сатып алуу баасы 2000–2025-жылдардагы жерлердин базар бааларынын ачык булактардан алынган маалыматтарына таянуу менен эсептелет. Шаар 5 зонага бөлүнөт.

Сатып алууну стимулдаштыруу үчүн төмөндөтүү коэффициенттери каралган:

  • 0,5 — учурдагы жылы сатып алганда;
  • 0,7 — кийинки жылы;
  • 0,8 — 2028-жылы;
  • 1 — 2029-жылы;
  • 1,2 — 2030-жылы.

Мындан тышкары, эсептөө базасы катары объектин пайдаланууга берилген датасы эмес, курулушка уруксат алынган дата кабыл алынат. Кадыров бул кадамдын себебин, батирлерди көбүнчө курулуштун эрте баскычында сатуу башталарын менен түшүндүрдү.

Жыйын учурунда JIA Ассоциациясынын төрайымы Гульнара Сатыбалдиева мурдагы жер сатып алуу механизми иштеп келгенин, бирок 10 жылдан ашуун убакытка токтотулганын билдирди.

Анын айтымында, жер тилкелеринин баасын баалоо аркылуу сатып алуу аракеттери натыйжа берген эмес. "Баалоочулар инфраструктура менен эскирген тилкелердин баасын эсептешчү, бул баанын ашыкча жогору болуусуна алып келчү", — деди ал.

Сатыбалдиева акыркы жылдары бир нече компания гана жер тилкелерин сатып алганын, ал эми жүздөгөн ижарачылар болсо буга катышпай калганын белгиледи. Ал ачык маалыматтарга таянуу жана төмөндөтүү коэффициенттерин колдонуу идеясына макул экенин билдирди, бирок алардын градациясын кайра карап чыгуу жана жер тилкелеринин көлөмүн эске алуу сунушун кошту.

Айрыкча, 1,2 гектардан чоң тилкелер үчүн кошумча коэффициентти карап чыгуу сунушталды. Жыйынтыгында методиканын долбоору кийинки кароого жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана