"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган.

Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн.

"Сүрөтчүлөр үйү" имаратын өкүлдөгөн юрист Евгений Савченко билдиргендей, документтерде Чүй, 108 дарегиндеги тилке курулушу жок деп көрсөтүлгөн. Бирок бул жерде 1953-жылдан бери Сүрөтчүлөр союзунун "Сүрөтчүлөр үйү" имараты жайгашкан. Жер тилкеси союзга 1949-жылы бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, имарат республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болуп саналат, ал эми короодо жайгашкан устаканалардын да менчик укуктары расмий документтер менен тастыкталган. Бирок алардын ээлери талкууга чакырылган эмес.

Е. Савченко 2026-жылдын 23-февралындагы мэриянын №52 токтому Административдик сотко даттанылганын, соттук отурум 16-апрелге дайындалганын айтып, маселени кароону кийинкиге жылдырууну суранды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров бул жерде сөз имараттар эмес, жер тилкесине болгон укуктарды өткөрүү жөнүндө болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жер тилкеси жеке адамдарга эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке өткөрүлөт.

Буга чейин мэрия маалымдагандай, Президенттин иш башкармалыгынан 2026-жылдын 20-январында №11/112 кат келип түшүп, жогоруда көрсөтүлгөн даректердеги жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү өтүнүчү айтылган.

Бул жер тилкелерине байланыштуу Бишкек мэриясынын 2026-жылдын 23-февралындагы №52 токтому менен төмөнкү чечимдер жокко чыгарылган:

  • 1995-жылдын 18-декабрындагы №253 токтом — Сүрөтчүлөр союзуна Чүй проспектиси, 108 дарегиндеги жер тилкесин "Сүрөтчүлөр үйү" үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө;
  • 2002-жылдын 15-апрелиндеги №215 токтом — "Ареопаг-Пейджи" ЖЧКсына Киев көчөсү, 55 дарегиндеги жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө.

Ошондой эле 2026-жылдын 3-мартында аталган даректер боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр берилген.

"Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмашуу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми ошол эле мыйзамдын 10-беренесине ылайык, муниципалдык мүлктү мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен ишке ашырылат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Бишкек шаарынын объектилерин жана инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү жана бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө келтирүү максатында бул жер тилкелерин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”