Кыргызстанда бала бакчага ыйлайыктуу 40 потенциалдуу имарат бар

Кыргызстанда бала бакчага ыйлайыктуу 40 потенциалдуу имарат бар

Башкы прокуратура мурда бала бакча катары колдонулган 25 имаратты  Билим берүү министрлигинин балансына кайтарганын вице-министр Надира Жусупбекова парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кайтарылган объекттерден тышкары, министрликтин карамагында ар кандай реформалардан кийин алынган башка имараттар да бар.

Ошентип, учурда бала бакчалар үчүн болжол менен 40 потенциалдуу имарат эсептелген. Мунун ичинен "Келечек үчүн билим" долбоору алкагында оңдолуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалуучу 9 имарат эки негизги критерий боюнча тандалат:
Аймактагы калктын тыгыздыгы жана бала бакчаларга болгон муктаждык деңгээли эске алынат.
Имарат инженердик текшерүүдөн өткөрүлөт: адистер каркас конструкцияларынын абалын баалашат, эгерде "скелет" колдонууга жарактуу болсо, оңдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстанда бардык жаштагы балдарды бала бакчалар менен камсыз кылуу үчүн 557 бала бакча куруу зарыл. Учурда 3–5 жаштагы балдардын бала бакчалар менен камсыздоо деңгээли болгону 51%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүндө, Ала-Арча дарыясынын жээгин бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулганы маалымдалды. Иш-чаранын алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер демонтаждалды. Анын ичинде темир тосмолор, жеңил типтеги курулуштар, күркөлөр, контейнерлер, бастырмалар, ошондой

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Министрлер Кабинети менен "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Келишимдин алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер өндүрө турган цемент заводун куруу пландалууда. Инвестициялык келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономиканы институционалдаштыруу жана заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү маселелерине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, кесиптик диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашты. Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, туруктуу саясатты калыптандыруу жана

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Бишкек шаарында 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы расмий билдиришти. Ишкананын маалыматына ылайык, учурда коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1250–1300 автобус чыгууда. Белгиленгендей, автобус паркын пайдалануу деңгээли 85%ды