"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди.
Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды.
"Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат жана өз ишин улантат", — деди мэр.
Анын айтымында, коомдук талкуу учурунда Сүрөтчүлөр үйү боюнча көптөгөн сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн.
Ал эми вице-мэр Азамат Кадыров Киев көчөсү, 55 дарегиндеги объектилерди өзүнчө кароону сунуштады. Депутаттар бул сунушту колдошту.