Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилегендей, аталган имараттар акыркы эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда алардын техникалык абалы начарлап, авариялык деп табылган.

Жолугушууда тургундарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси каралып, аларга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлер сунушталаары айтылды. Төлөмдүн айырмасын жеңилдетилген шарттарда төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Мындан тышкары, мүлктөрдү баалоо жүргүзүлүп, ар бир ээси менен жеке иш алып барылып, тиешелүү келишимдер түзүлөт. Коммерциялык жайлар да турак жайлар менен бирдей шартта каралат.

Имараттар бузулуп, андан кийин жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлөт. Келечекте бул аймакты пайдалануу боюнча кошумча чечимдер кабыл алынат.

Белгиленгендей, долбоорго №18, 20 жана 22-үйлөр кирип, жалпысынан 350гө жакын батир камтылган. Анын ичинен 38 батир муниципалитеттин менчигинде.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынан 262,6 млн сом киреше түшкөн

Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынан 262,6 млн сом киреше түшкөн

2025-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келгенин "Кабар" агенттигине “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков билдирди. Ал белгилегендей, паркка келгендердин саны жогорулап жатат. "2026-жылдын январь айынан бери эсеп жүргүзүлүп келе жатат. Парк жумасына орто эсеп менен 18 миңге жакын конокту кабыл алат. Негизги жыйынтыктар

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 18 млрд 26 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23,2%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Февраль айынын жыйынтыгы боюнча курулуш продукциясынын көлөмү 12 млрд 383,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын февраль айына караганда 22,

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,