Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук талаптарын одоно бузган учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле Кара-Балта шаарында жүк ташуучу унаалардын абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттары текшерилип, айрым унааларда түтүн деңгээли нормадан кыйла ашканы аныкталды. Бул боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Рейддин негизги максаты — объекттерди жабуу эмес, коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо. Талаптарды сактаган ишкерлерге уруксат документтерин алууда көмөк көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан мыйзам бузууларга карата катуу чаралар көрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу