Кожомкул айылында белгиленген чектен чыгып кеткендерге айып пул салынды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын Школьная көчөсүнүн жээгинде жайгашкан объектилерге текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жер ээлери өздөрүнө тиешелүү болгон жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыгып кеткендиги аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесине ылайык 246 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана жер тилкелерин белгиленген чек арасына келтирүү үчүн жер ээлерине 15 күндүк мөөнөт берилди.
Кызмат тарабынан жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларда көрсөтүлгөн чек араларды так сактоо зарылдыгы эскертилди.