"Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр – Г.Акимбаева
Белгилүү "Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гульнара Акимбаева билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын "Аламүдүн" кичи районунда жайгашкан кафе шаар бийлигинин чечимине ылайык бузулууга тийиш болгон.
"Ээси объектти мамлекетке берүүгө даяр экенин билдирүүдө, бирок алты ай мөөнөткө жылдырууну суранып жатат. Анткени анын кредиттик милдеттенмелери бар. Ишкерлердин укуктарын коргоону да эске алуу зарыл", — деди Гульнара Акимбаева.
Ошондой эле ал аталган кичи райондун тургундары унаа токтотуучу жайлардын жоюлушуна нааразы болуп жатканын кошумчалады.
"Мурда төрт унаа токтотуучу жай болсо, алардын экөө буга чейин эле бузулган. Натыйжада тургундар унааларын короолорго коюуга мажбур болуп, бул жол кыймылынын эрежелеринин бузулушуна алып келүүдө. Альтернатива сунушталмайынча, токтотуучу жайларды жоюуга болбойт. Жашылдандыруу маселеси боюнча да көп суроолор бар. Шаар мэриясынан бул даттанууларга көңүл буруу суралууда", — деп кошумчалады депутат.