"Келечек" кепилдиги менен 61 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз турак жай алды
2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча 61 үй-бүлө "Кепилдик фонд" ААКсы тарабынан сунушталган "Келечек" кепилдик инструментинин жардамы менен баштапкы төлөмсүз ипотека аркылуу өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Жыл башынан бери жалпы суммасы 81,6 млн сомду түзгөн кепилдиктер берилди. Бул жарандарга 313,5 млн сом өлчөмүндө ипотекалык кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк түздү.
"Келечек" продукты 2025-жылдын экинчи жарымында ишке киргизилген. Ошондон бери анын алкагында 166 турак жай объектиси сатып алынды. Жалпы эсепте 209,3 млн сом суммасында кепилдиктер берилип, 825 млн сомдон ашык ипотекалык кредиттер каржыланды.
Бул инструмент турак жай алууда негизги тоскоолдуктардын бири болгон баштапкы төлөм маселесин чечүүгө багытталган. Кепилдик механизминин негизинде турак жайдын баасынын 30% чейин жабылып, ипотека жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк болот.
Кепилдикти тариздөө "Кепилдик Фонд" ААКсынын өнөктөш банктары аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада каржылоону алуу процесси жөнөкөй жана ыкчам ишке ашырылат.
"Келечек" – бул жарандар үчүн узак мөөнөттүү топтоолорсуз эле, мамлекеттин колдоосу менен өз турак жайына ээ болуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү.