Кыргызстанда эл аралык стандарттагы Улуттук вакцина кампасы курулат

Кыргызстанда эл аралык стандарттагы Улуттук вакцина кампасы курулат

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук вакцина кампасын куруу долбоорун ишке ашырууну баштаганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин "Вакциналарды сактоо үчүн кампа куруу жөнүндө" тескемесинин алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте бул стратегиялык долбоорду ишке ашырууну баштады.

Жаңы Улуттук вакцина кампасы иммундаштыруу системасынын туруктуулугун жана муздак чынжырдын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу негизги инфраструктуралык объект болот. Чечим саламаттык сактоо тармагындагы өсүп жаткан муктаждыктарды жана вакциналарды сактоонун эл аралык стандарттарын эске алуу менен кабыл алынган.

Курулуш үчүн мамлекет тарабынан Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 186 дарегинде жайгашкан 13 сотых жер тилкеси бөлүнгөн. Бул тилке Республикалык иммунопрофилактика борборунун балансына өткөрүлүп берилген. Долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун стандарттарына ылайык ишке ашырылууда жана улуттук муздак чынжыр инфраструктурасын жаңылоого багытталган. Техникалык-экономикалык негиздеме жана алдын ала смета ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен даярдалган.

Жаңы кампаны куруу зарылдыгы ДССУнун Европа аймактык бюросунун миссиясынын жыйынтыгы менен тастыкталган. Ага ылайык, өлкөдө вакциналарды сактоонун учурдагы инфраструктурасы иммундаштыруу программасынын азыркы жана келечектеги муктаждыктарына жооп бербейт. Сунуштардын ичинде жаңы кампа куруу же борборлоштурулган кампаны кеңейтүү көрсөтүлгөн.

Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен каржыланууда. Атап айтканда, GAVI 1 млн 267 миң доллар бөлгөн.

Жаңы объект заманбап сактоо технологиялары менен жабдылат: температураны көзөмөлдөөчү системалар, реалдуу убакыт режиминде мониторинг, резервдик электр булактары жана запастарды башкаруунун санариптик чечимдери каралат. Кампа стратегиялык вакцина корун, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар жана жугуштуу оорулардын жайылышына жооп кайтаруу үчүн резервди сактоону камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн