"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат
"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды.
Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.
Эске салсак, учурда "Манас" аэропортунда ири масштабдуу реконструкция иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, учуп-конуу тилкеси, аэродромдун жабдуулары жаңыртылып, терминалдык комплекс кеңейтилет. Ушул жылдын май айында курулуш иштери аяктагандан кийин, аэропорттун кубаттуулугу үч эсе көбөйөт. Мындан тышкары, 650 орундуу жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат.