МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди
МинКаб Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе көчөсү 547 дарегинде жайгашкан корпусун "Бишкектеги Француз Альянсына" пайдаланууга берди. Тиешелүү тескемеге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул даректе КУУнун 8-корпусу жайгашкан жана университеттин балансында турат.
Документ социалдык маанидеги долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги "Француз Альянсы Бишкекте" коомдук бирикмесине аянты 97,3 чарчы метр болгон жайды 3 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүүгө милдеттендирилди.
Имарат акысыз берилгени менен коммуналдык кызматтар жана эксплуатациялык чыгымдар уюм тарабынан төлөнөт. Ошондой эле тиешелүү келишим түзүү милдеттүү шарт болуп саналат.
Тескемеге ылайык, уюм бул жайды маданий жана билим берүү максатында гана колдонууга тийиш. Үчүнчү жактарга пайдаланууга берүү, субижарага өткөрүү (айрым учурлардан тышкары) жана мүлктү кандайдыр бир жүктөмгө коюу тыюу салынат.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бул чечимди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталды.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Француз Альянсы Бишкекте" 2009-жылдын 18-декабрында кайра каттоодон өткөн. Уюм маданият жана эс алуу тармагында коомдук ишмердүүлүк жүргүзөт.