"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча токтом долбоору соттун чечиминен кийин кайра чакыртып алынган деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, долбоор коомдук талкууда турган учурда да, аны күн тартибинен алып салуу каралып жаткан учурда да сот тарабынан чектөө чаралары киргизилгени тууралуу маалымат болгон эмес. Белгиленгендей, тиешелүү сот аныктамасы 2026-жылдын 30-мартында тараптардын катышуусуз кабыл алынган.

Мэрия билдиргендей, шаар мэри Айбек Джунушалиев долбоорду күн тартибинен алып салуу боюнча кайрылуу жасаган учурда сот актысынын көчүрмөсү муниципалитетке келип түшкөн эмес.

Шаар бийлиги бул чечим коомдук талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынганын белгилейт.

Ошондой эле мэрия Сүрөтчүлөр союзунун айрым билдирүүлөрүн жалган жана жалаа мүнөзүндө деп баалап, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу тууралуу дооматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Муниципалитет "Сүрөтчүлөр үйү" объектиси максаттуу багыты боюнча эмес, коммерциялык максатта пайдаланылып келгенин мыйзам чегинде далилдөөнү көздөөрүн белгиледи.

Мэрия кошумчалагандай, эгерде таратылган маалыматтар төгүндөлбөсө, өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Мындан тышкары окуңуз

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү. Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган. Милиция

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

1-3-апрелде Бангкок шаарында Азия жана Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун Туруктуу комитетинин бешинчи сессиясы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Заир Конурбаев Туруктуу комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал эми төрага болуп Азербайжан Республикасынын

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе көчөсү 547 дарегинде жайгашкан корпусун "Бишкектеги Француз Альянсына" пайдаланууга берди. Тиешелүү тескемеге  төрага Адылбек Касымалиев кол койду. Бул даректе КУУнун 8-корпусу жайгашкан жана университеттин балансында турат. Документ социалдык маанидеги долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги