Өлкөдө 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

Өлкөдө 401 миң  гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өттү

В Кыргызстан 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөнү Манас шаарында өткөн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылды.

 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Рустам Балтабаев бул өнөктүк президент тарабынан демилгеленип, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп калганын белгиледи.

Иш-чаралар Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы (2025–2029) алкагында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык:

  • 11 960 гектардан ашуун аянтка мөмө-жемиш бактары отургузулган
  • 400 миң гектардан ашык жайыт жерлер калыбына келтирүү режимине өткөрүлгөн.

Министрликтин билдиришинче, бул жерде негизги артыкчылыктар суу жана жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу, заманбап ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү, органикалык өндүрүштү кеңейтүү жана аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп жатат.

Бул чаралар экологияны жакшыртуу менен катар айыл чарбанын туруктуу өнүгүшүнө да багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 8-10-апрелде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат. Аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде

Февралда 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Февралда 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого

Италияда Бенито Муссолиниге   тиешелүү вилла 1,2 млн долларга сатылып алынды

Италияда Бенито Муссолиниге тиешелүү вилла 1,2 млн долларга сатылып алынды

Италияда Бенито Муссолиниге тиешелүү болгон мурдагы жайкы резиденция “Вилла Муссолини” муниципалитет тарабынан 1,2 млн еврого сатып алынды. Римини провинциясына караштуу Риччоне шаарынын бийлиги бул имаратты коомдук менчикке өткөрдү. 1890-жылы Адриатика жээгинде курулган вилла курорттук архитектура стилинде салынган. 1934-жылдан тартып ал Муссолининин жайкы резиденциясы катары колдонулуп келген. Муниципалитет бул имаратты