Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды
“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды.
“Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер тилкелери сатылды”, - деп айтты ал.
Жаркынбек Максүтов белгилегендей, аукцион 9-10-апрель күндөрү да уланат.