Фрилансерге ЖИ керекпи? ЖИ ачуунун оң жана терс жактары жана бул үчүн мамлекетке канча төлөнөт

Көптөгөн фрилансерлер «Эгерде мен кадимкидей жөн эле иштей алсам, ЖИ ачуунун эмне кереги бар?» деп ойлошот. Баары туура, бирок «жөн эле» деген сөздүн астында «мыйзамдуу» деген сөздү эске алуу керек.
Бул макалада юрист жана «Мыйзам чегинде» фирмасынын башкаруучу өнөктөшү Фатима Якупбаева жеке ишкердин статусу (түшүнүктүү болуусу үчүн орус., индивидуальный предприниматель – ИП), качан каттоодон өтүү керектиги, анын баасы жана кандай салыктарды төлөө керектиги жөнүндө кенен айтып берет.
Фрилансер үчүн ЖИ – бул:
- Ишкердин расмий статусу
- Социалдык кепилдиктер, чегерүүлөрдүн кеминде 2% пенсияңызга жумшалат
Расмий каттоодон өткөнүңүздөн кийин салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, келишимдердин аткарылышы жана учурдагы эсепке акча которуу менен убара болуп баштайсыз.
Бирок ошол эле учурда потенциалдуу кардарларыңыздын жана банктын, мамлекеттин алдында кадырыңыз көтөрүлө түшөт, жүзүңүз да жарык болот.
Сиз мамлекеттик, эл аралык уюмдардын жана жеке компаниялардын тендерлерине расмий катыша аласыз.
ЖИ катары качан каттоодон өтүшүңүз керек?
ЖИнин статусун расмий ишке кирүү менен салыштырса болот, бирок болгону жумуш берүүчүнүн ордунда өзүңүз болосуз.
Сиз маянаны конвертте алып (жөн эле салык төлөбөй) жана келечекке эч кандай социалдык кепилдиктериңиз жок эле иштеген схемадагыдай, ЖИ менен иштегенде салыктар төлөнүп, камсыздандыруу төгүмдөрү түзүлүп, операциялар банктык эсептер аркылуу жургүзүлүп калат.
Бирок бир олуттуу айырмачылык бар: эгерде уюм эмгек акысын конвертке салып төлөп кармалса, анда кызматкерлер эмес, жетекчилик жана юридикалык жактар айыпка жыгылат. Бирок эгер фрилансер эч жерде катталбай туруп киреше алса, анда ал жоопкерчилик тартат.
ЖИ статусу чоң кардарларды тартуу сыяктуу кошумча артыкчылыктарды берет
Фирмалар ЖИ менен иштөөнү каалашат, анткени алар бардык акчаны расмий түрдө которушат жана бардык салыктар гонорарга кошулат.
Ал эми ЖИ статусуна ээ болбогон фрилансерлер үчүн бардык салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөш керек. Бул таптакыр эле аларга пайдалуу эмес.
Андыктан экономикалык көз караштан алганда, катталбаган адамга караганда ЖИ менен иштөө алда канча пайдалуу.
Эгерде каттоодон өтпөгөндүгүңүз үчүн чоң кардарлар сиз менен иштөөдөн баш тарткан учурлар болгон болсо, анда расмий статус жөнүндө ойлонууга убакыт келди.
ЖИ ачыш керек болгон учурлар:
- Кардарлардын статусу жогору болуп, бардык келишимдер расмий жүргүзүлгөндө
- Сиздин эсебиңизге чоң суммадагы каражат келгенде (ай сайын 20 миң сомдон ашык)
- Келечектеги коопсуздугуңузга тынчсызданып баштаган учурда
ЖИ ачуунун артыкчылыктары менен кемчилиги
Эми ЖИ ачуунун артыкчылыктары менен кемчилигин карап көрөлү.
Артыкчылыгы:
- Потенциалдуу кардарлар үчүн жогорку статуста болосуз
- Социалдык кепилдиктер. Пенсия, камсыздандыруу, декреттик өргүү жана оорулар боюнча кошумча төлөмдөр болот
- Көмүскөдөн чыгуу
- Салык кызматы кокустан эле ишмердүүлүгүңүз боюнча бүт бардык салыктарды жана ага туумдарды сурай калбайт
- Бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү. Мисалы, KICB, Bakai Bank, Бай-Түшүм 4%дан баштап, ЖИге жеңил пайыздар менен насыяларды берет.
- Мамлекеттин астында жүзүңүз жарык болот
Кемчиликтери да бар:
- Салыктарды жана коопсуздук төлөмдөрдү төлөө
- ЖИге тиешелүү кошумча эсептерди ачуу
- Форс-мажордук кырдаалдар. Банктар кээде «күмөндүү» акчалар кайдан келгенин жакшылап түшүнүү үчүн кардардын эсебин тоңдуруп коюу мүмкүнчүлүгү бар
- Көмүскөдөн расмий чыгуу жана ишкер статусуна ээ болуу менен бирге сиз мамлекетке салыктарды төлөө боюнча белгилүү бир милдеттенмелерди жана банкка юридикалык гана операцияларды жасоо боюнча милдеттенмелерди аласыз.
Канча төлөш керек?
Эми акча темасына келсек.
Мамлекетке өзүнүн салык режимине ылайык, салык төлөшүңүз керек. Негизинен пайдадан 10% жана ар бир сатуудан 0% дан 3% га чейин болгон жалпы салык режими бар.
Бирдиктүү салыктын негизинде болгон да жөнөкөйлөтүлгөн салык режимдери бар, мисалы:
- Накталай эмес төлөмдөр үчүн чейрек ичинде бардык кирешеден 3%
- чейрек ичинде накталай кирешеден 6%
Ошондой эле, социалдык полис ай сайын төлөнүп турушу керек, сертификат боюнча жеке ишкерлер үчүн – 2109 сом, ал эми патентке ээ болгон жеке ишкерлер үчүн – 775 сом.
Мындан тышкары, учурдагы эсепти тейлөө жана андагы операциялар үчүн ай сайын төлөм алынат. Так бааларын банктан алуу керек.
ЖИни кантип ачса болот?
Жеке ишкер катары катталуунун эки жолу бар:
- электрондук ыктыярдуу патент алуу менен (иштин тизмеси так аныкталган)
- сертификат алуу менен (экономикалык иштин 1000ден ашык түрү белгиленген)
Эгерде сиз графикалык дизайнер же программист болсоңуз, анда электрондук ыктыярдуу патент менен иштеген ыңгайлуу. Бул каттоодо тезирээк жана арзан болот.
Электрондук ыктыярдуу патент алуу үчүн бул сайт аркылуу алдын ала арыз тапшырышыңыз керек: https://salyk.kg/Account/RequestAccess
- Бардык пункттарды толтургандан кийин, арызды басып чыгарышыңыз керек жана тиешелүү райондук салык кызматына (жашаган же бизнеси боюнча) алып барышыңыз керек, алар «жеке кабинетке» кирүүгө катталгандыгыңыз тууралуу чечим чыгарышат.
- Мындан кийин жеке кабинетке каалаган убагыңызда кирүүгө жана электрондук патент ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Системада патент ачкандан кийин, 24 сааттын ичинде банкка барып, патенттин салыгын төлөшүңүз керек жана социалдык полис да алышыңыз керек.
- Сертификат алуу үчүн мамлекеттик алым 25 сомду түзөт, ал эми ыктыярдуу патентке болсо патенттин суммасы + банктын комиссиясын төлөйсүз.
Андан ары эмне кылуу керек?
ЖИ ачкандан кийин жумушуңуздун схемасын бир аз өзгөртүш керек болот.
Келишимди колдонуу
Көпчүлүк учурда буюртма берген кардарлардын фрилансерлер менен иштеген келишими болот.
Сиз өзүңүзгө ылайыктап жеке келишимиңизди түзсөңүз болот же бизнесиңиздин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен юристтерге буюртма берсеңиз болот.
Буйрутманы талкуулоодо сиз ЖИ ачканыңызды ишенимдүү түрдө билдирип, төлөмдөрдү эсебиңизге кабыл ала тургандыгыңызды айтсаңыз болот.
Келишимге кол коюп, сканерлеп, кардарга 2 нускасын жөнөтүңүз.
Кардар ал экөөнө тең кол коюп, бирин өзүнө алып калат дагы экинчисин сиздин колуңузга берет. Сиздин келишимде «бул келишим Тараптардын ортосунда келишимдин көчүрмөсүнүн сканерленген версияларын алмаштыруу аркылуу түзүлөт» деген пункт камтылышы маанилүү.
Сиз төлөө үчүн эсеп-фактураны жазып, кардарга жөнөтөсүз.
Сиз учурдагы эсебиңизге акча аласыз жана аны өз каалооңуз боюнча колдоно аласыз. Мен сизге эсеп-фактуралардын реестрин, тагыраак айтканда, ар бир төлөмгө ырааттуу номерди дайындоо жана төлөмдү алган күнү жазылган эсеп-фактураны түзүүнү сунуштайм.
Башында бул татаал көрүнгөнү менен убакыт өтүп көнүп каласыз.
Жеке ишкер – бул фрилансер статусундагы жаңы секирик десек болот. Сиз өзүңүз үчүн расмий түрдө иштейсиз жана бул статус мамлекет менен банк үчүн да өтө маанилүү. Эгерде сиз ушул артыкчылыктардын баары бир айда төлөнчү 3000 сомго татыктуу деп эсептесеңиз, анда ЖИ ачыңыз.
Эгерде бул сумма сиз үчүн көп көрүнсө, анда салык кызматы олуттуу түрдө фриланстардын артынан түшкүчө убактылуу кое турсаңыз болот.