Баркталбай калган кесип. Мугалимдердин айлыгынын аздыгы Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет?

Билим берүү тармагындагы эмгек акынын аздыгы, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, мугалимдердин жүгүнүн көптүгү жана башка факторлор КРнын экономикасына таасирин тийгизүүдө. KG Analytics фондунун аналитиктери мына ушундай тыянакка келишкен.
Эксперттердин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө КРнын калкынын саны 6.6 млн адам, анын 2.2 миллионго жакыны жакырчылыкта жана өтө жакырчылыкта жашайт. 1 миллионго жакын жаран эмгек миграциясында жүрсө, алардын көбү квалификациясы жок иш менен алектенүүгө аргасыз болуп келет.
Эскерте кетсек, 2018-жылы Кыргызстан калктын компетенттүүлүгүн изилдеген эл аралык иликтөөгө катышкан, жыйынтыгында, изилдөө Кыргызстандын калкынын дээрлик 60%ы окуу жана математикалык сабаттуулугунун деңгээли төмөн экендигин көрсөткөн. Башкача айтканда, кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгү эң жакшы дегенде, жөнөкөй сөз байлыгы, сүйлөмдөрдү, тексттердин абзацтарын окуп, анын маанисин түшүнүү жана негизги арифметикалык амалдарды аткаруу менен эле «мактанышы» мүмкүн.
Республиканын экономикалык негизги көрсөткүчтөрү кыргызстандыктардын эмгек өндүрүмдүүлүгү менен тыгыз байланыштуу.
Кыргызстандын көрсөткүчтөрү Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн, мисалы, Россия менен Казакстандын калкынын эмгек өндүрүмдүүлүгүнөн 4 эсеге, Эстониядан 5 эсеге айырмаланат. Ошол эле учурда КРнын жумушчуларынын эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн потенциалы 100%дан 58%га бааланган.
Кыргызстанда жогорку жана орто билимдүү адамдардын эмгек акысындагы айырма болгону 9%ды түзөт, ал эми ЭКӨУ (Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму) өлкөлөрүндө (Европа, Азия жана Латын Америкасынын 37 өлкөсү) 100%дан 50%га чейин айырмаланат.
KG Analytics фондунун аналитиктери: «Бойго жеткен калктын сабаттуулугунун төмөн деңгээли – мектептеги билим берүүнүн сапатсыздыгына байланыштуу. Кыргызстанда мектептеги билим берүүнүн сапаты өз кезегинде бир катар факторлордон көз каранды, алардын негизгиси – системада иштеген мугалимдердин билим берүү сапаты, окутуунун деңгээли жана мектепти башкарууда жана каржылоодо заманбап мамиленин жоктугу», – деп айтышат.
Эмне үчүн мектептерде билим берүүнүн деңгээли төмөн?
Иликтөөнүн авторлору мектептеги билим берүү системасынын сапатына түздөн-түз таасир этүүчү бир катар факторлорду белгилешкен.
Алардын айтымында, окутуунун сапатына таасир этүүчү негизги фактор – бул эмгек акынын деңгээли, дүйнөлүк практиканын негизинде ал өлкөдөгү орточо айлык акыга жетиши керек. Кыргызстанда билим берүү тармагындагы орточо айлык акы өлкөдөгү орточо эмгек акыдан болжол менен 20%га, ал эми мамлекеттик кызматкерлердин кирешесинен дээрлик 40%га аз.
- Билим берүү тармагында орточо айлык акы – 14 миң 764 сом,
- республика боюнча орточо айлык эмгек акы – 18 миң 940 сом,
- мамлекеттик башкаруу секторунда орточо айлык эмгек акы – 22 миң 879 сом.
Эксперттер Кыргызстанда мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын жоктугун өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына таасир этүүчү маанилүү фактор деп эсептешет. Республикада жыл сайын 2 миңге жакын мугалим, айрыкча, башталгыч класстардын, орус тили, математика, физика мугалимдери жетишпейт. Бүгүнкү күндө мектеп мугалимдеринин жалпы саны 82 миң адамды түзөт, анын 2/3 айыл мектептеринде сабак берет. Ошол эле учурда билим берүү тармагында аялдар басымдуулук кылат (жалпысынан 85%). Ар бир экинчи мугалим 50 жаштан ашкан, ал эми 30 жашка чейинки мугалимдер 10%дан ашпайт.
Кыргызстанда бул кесиптин жагымсыздыгынан педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери, эреже катары, окуу көрсөткүчтөрү төмөн мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Ошол эле учурда мектептеги билим берүүнүн прогрессивдүү системалары бар мамлекеттерде тенденция тескерисинче, айтсак, мектептердин эң мыкты бүтүрүүчүлөрү педагогикалык университеттерге тапшырышат. Мисалы, Түштүк Кореяда мугалимдерди даярдоочу университеттерге студенттер эң мыкты окуган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 5%дан, Финляндияда 10%дан, Сингапурда жана Гонконгдо 30%дан тандалып алынат.
Кыргызстанда университетти аяктагандан кийин, студенттердин 75% гана кесиби менен иштейт. Иштеп баштаган биринчи үч жылдын ичинде эле жаш адистердин 60%га жакыны мектептеги жумушунан кетишет. Натыйжада, педагогикалык жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 20%дан ашпаганы мугалим болуп иштегени калышат.
Дагы бир фактор: мугалимдер отчеттуулуктун ар кандай түрлөрүнөн улам чоң кысымга кабылып келишет жана бул алар үчүн чоң жүк. 2020-жылдын декабрь айында отчеттордун кээ бир милдеттүү түрлөрү жокко чыгарылганына карабастан, бүгүнкү күндө мугалимдер дагы эле жок дегенде 10 отчеттун түрүн толтурууга милдеттүү.
Изилдөөчүлөр ошондой эле мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык көндүмдөрүнүн төмөндүгүн, алардын кесипкөйлүгүнө таасир этүүчү критерийлер менен байланыштырышат. 2020-жылы онлайн билим берүүгө өтүү – Бишкек шаарында мугалимдердин жадагалса, электрондук почтасы жок экенин, компьютерди начар билгендиктен сабактарды WhatsApp аркылуу өткөнү далил болду дешет.
KG Analytics жасаган изилдөөсүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө басым жасалган. Сурамжылоого катышкан мектеп директорлорунун берген маалыматына ылайык, бош орундарга 40% гана квалификациялуу мугалимдер келет жана калган 60%ы талап кылынган критерийлерге жооп беришпейт.
«Мектептеги билим берүү системасы жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдө мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, кесиптик өсүүгө жана алардын ишмердүүлүгүн баалоого көп көңүл бурулат. Кыргызстанда болсо бардык мугалимдер 5 жылда бир жолудан кесиптик деңгээлин жогорулатууга 72 сааттан кем эмес убакыт бөлүшү керек. Ошол эле учурда КРгы система мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу муктаждыктарын сан жагынан да, сапаттык жактан да канааттандырбайт, деп айтылат изилдөөдө. Аталган иликтөөгө ылайык, КРгы квалификацияны жогорулатуу курстарынын мазмуну негизинен формалдуу, эскирген жана натыйжасыз. Эреже катары, алардын эффективдүүлүгү жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө тийгизген таасири да бааланган эмес.
Ошол эле учурда Кыргызстанда мугалимдерди кайра даярдоо системасы, башкача айтканда, педагогикалык эмес жогорку билими бар адистерден педагогикалык кадрларды даярдоо системасы жок. Кыргызстанда кайра даярдоо системасы мыйзамдуу түрдө бекитилген, бирок иш жүзүндө ал иштебейт.
Маселени кантип чечсе болот?
КРнын мектептеги билим берүү системасындагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен KG Analytics Фонду мугалимдерди даярдоо, квалификациясын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасын реформалап баштоо зарыл деп эсептейт, анын ичинде:
- келечектеги мугалимдерди даярдоо системасын кайра карап чыгуу (анын ичинде финансылык, уюштуруучулук жана академиялык талаптар);
- мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар кандай билим берүү уюмдарына (менчиктин түрүнө карабастан) квалификациясын жогорулатуу укугун берүү, алардын сертификаттары КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан таанылууга тийиш;
- жогорку билими бар адамдарга экинчи жогорку педагогикалык билим алууга укук берүү.
«Биз сунуш кылынган чечимдер ишке ашат деп эсептейбиз. Мындан тышкары, алар каржылоону көбөйтүүнү талап кылбайт, тескерисинче, колдо болгон каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө багытталган, балким, бюджетти үнөмдөөгө алып келет. Эң негизгиси, сунушталып жаткан чечимдер мектепте билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет», – деп жыйынтыктады изилдөөчүлөр.