Күйүүчү майдын баасы 2022-жылдын ортосуна чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер

Күйүүчү майдын баасы 2022-жылдын ортосуна чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер

Күйүүчү майдын кымбаттаганы – бул 2020-жылдын аягынан бери келе жаткан тенденция. Кыргызстан импорттон көз каранды өлкө болгондуктан, биз бул тенденциядан четте калган жокпуз. Күйүүчү майдын баасы жыл ортосуна чейин кымбаттай бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу  Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов «Биринчи радиого» билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда мунай азыктарына баа кескин түрдө түшүп кеткен.

«COVID-19 илдетинин биринчи толкунунда суроо-талап таптакыр эле төмөн түшүп кеткендиктен, нефтини өндүрүү 10 млн баррелге кыскарган. Бирок пандемиянын биринчи толкунунан кийин дүйнөлүк экономика калыптана баштап, мунай азыктарына баалар кайрадан көтөрүлүп жөнөдү. Ошол убактан бери бүгүнкү күнгө чейин нефть кымбаттап эле келе жатат. Учурда анын баасы максимумдан өттү десек болот, азыр бир баррель 88 долларга жетти. Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан, биз бул тенденциядан четте калган жокпуз», – деди ал.

Анын берген маалыматына ылайык, Россиядан келчү дизель отунунун 1 тоннасы 130 долларга, ал эми бензин тобуна баа 1 тоннасына 110 долларга кымбаттаган. Сомго эсептеп келгенде, жакынкы күндөрдө баа бензин тобуна 4 сомго чейин, дизель отуну боюнча 6 сомго кымбатташы күтүлүүдө.

Ошондой эле Эшатов 2022-жылы Россия КРга 650 миң тонна алымдарсыз бензин, 550 миң тонна дизель отунун берүү боюнча өкмөттөр аралык келишим бар экенин билдирди.

«2021-жылы РФдан КРга 1 млн 140 миң тонна мунай заты келген. Ошол эле 650 миң тоннанын 85%ы АИ-92 маркасына туура келет. Эң эле көп колдонулганы ушул маркадагы бензин болуп эсептелет», – деди ал.

Өткөн жылы ушул мезгилде күйүүчү май 32 сомдун тегерегинде болуп жатса, март айынан тартып, кескин көтөрүлө баштап, ал жыл ичинде 70%га өскөн.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннага жетет деп билдирет. Ошондой эле Эшатов жазгы талаа жумуштарына күйүүчү май керектеген дыйкандар боюнча да маалымат берип өттү.

«Биз жылда эле Айыл чарба минисрлиги менен меморандум түзөбүз, алар жазгы талаа иштерине канча күйүүчү май керектешет, тактап беришет. Биз ал көлөмдү жыл сайын камсыздап беребиз. Быйыл жазгы талаа иштерине 50 миң тоннага чейин керек дешүүдө. Дүң баадан дагы 40 тыйынга арзандатып беребиз деп макулдашканбыз», – деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы күйүүчү майлардын запасын топтоп алуу үчүн корлорду жасаганга мүмкүнчүлүк болбой жатканын, анын үстүнө, Россиянын өзүндө деле тартыштык болуп, Орто Азияга чоң көлөмдө партияларды жөнөтпөй жаткандыгын жана коңшу өлкөлөрдөгү баалар тууралуу айтты.

«Коңшу өлкөлөргө салыштырып айта турган болсок, мисалы, Өзбекстанда бизден 19 сомго, Тажикстанда 20 сомго, Арменияда 25, Украинада 35 сомго чейин кымбат. Ал эми Молдовада эң эле көп – 45 сомго чейин кымбат болуп, биздин сом менен литри 104 сомго жетет», – деди ал.

Ал эми суюлтулган газдын баасы республикада бир аз арзандаганы байкалганын, анын баасы 35 сомдун тегерегинде болуп жатканын жана бир айдын ичинде 5 сомго чейин ылдыйлаганын билдирген Эшатов күйүүчү майдын баасы жыл ортосуна чейин кымбатташы мүмкүн экендигин билдирди.

«Мунайды эң көп экспорттогон өлкөлөр ноябрь айында жолугушуу өткөрүшкөн, анда алар бааны 2022-жылдын ортосуна чейин кымбаттатабыз деген ниеттерин билдиришти. Башка дүйнөлүк агенттиктер деле ушул жылдын орто ченине чейин баанын көтөрүлөрүн айтышууда. Жылдын аягына чейин баа кандай болот, калыптанган баалардан кийин гана божомолдорду айта алабыз», – деди Эшатов.

Эскерте кетсек, КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум».

КММ биржалык товар болуп саналат жана баалар мунайдын баасынын биржалык котировкасынан көз каранды. Эгерде 2020-жылдын декабрында Brent мунайынын бир баррели болжол менен 43-44 долларды түзсө (ноябрь айында 80 долларга жеткен), ICE биржасынын маалыматына ылайык, 2022-жылы 19-январда анын баррели 89.11 доллардан сатылды. Бул 2014-жылдын 13-октябрынан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан