Улуттук банк инфляциялык басымды азайтуу максатында эсептик ченди көтөргөнүн билдирди
Улуттук банк Кыргызстанда эле эмес, региондогу өлкөлөрдө да инфляциялык басымды азайтуу максатында эсептик ченди көтөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда регулятордун экономика башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков онлайн-брифингде билдирди.
Эскерте кетсек, Улуттук банк 31-январда эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган. Чечим кечээ, 1-февралдан тартып күчүнө кирген.
Козубеков эсептик ченди көтөрүү кредиттердин наркынын өсүшүнө алып келбейби деген суроого, ал кредиттер боюнча пайыздык чендердин калыптануу динамикасы депозиттер боюнча ченден көз каранды экенин жана ал өз кезегинде Улуттук банктын акча-кредит саясаты менен аныкталаарын айтты.
«Бирок кредиттик ресурстардын пайыздык ченинин калыптанышында жана анын баасын түзүүдө чечүүчү роль ойногон дагы көптөгөн факторлор бар», – деди ал.
Ошондой эле Козубеков жыл ичинде көрсөткүчтөр туруктуу деңгээлде же төмөн болоорун, көтөрүлгөн эсептик чен калкты депозиттерге басым жасашына түрткү болоорун да айтып өттү.
«Биз өлкөнүн резиденттерин көбүрөөк үнөмдөп чогултууга жана азыраак керектөөгө дем берүү максатында акча-кредит саясатын катаалдатып жатабыз. Бул бүгүнкү күндө биздин экономикада пайда болгон инфляциялык тобокелдиктерди азайтат», – дейт ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Economist.kg Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, анда да жөнгө салуучу эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирген болчу.
Ал эми Айсулуу Мамашова Economist.kg басылмасына берген маегинде эсептик чендин жогорулашынын терс жактарын айтып өткөн эле.
«Эгерде эсептик чен көтөрүлсө, анда аз пайыздар жоголот. Бул банктар үчүн жыргал нерсе. Инфляция болгон сайын банктар ушундай жолдор менен өздөрүн коргошот. Азыр кымбатчылык учурда экономикага стимул бергендин ордуна Улуттук банк эмнегедир эсептик ченди көтөрүп жатат. Бул элге эч кандай пайдасы жок, мунун пайдасын бир гана банктар көрөт. Регулятор элдин кызыкчылыгын эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат. Кредиттер мурда деле эл үчүн жеткиликтүү эмес эле, мындан кийин, тилекке каршы, мындан да кымбат болот», – деген эле ал.
Улуттук банк болсо, өзүнүн инструменттери менен экономикадагы инфляциялык басымдын бир бөлүгүн азайтууга жөндөмдүү экенин айтат.
«Учурдагы шарттарда эсептик чендин жогорулашынын негизги себеби – чындыгында биздин өлкөдө инфляциянын ашыкча өсүшү болуп саналат. Өткөн жылдын башынан бери этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткан эсептик чендин жогорулашы – коммерциялык банктарга калктын сом менен депозиттери боюнча чендерди жогорулатууга мүмкүндүк берип, элди көбүрөөк үнөмдөөгө жана ошого жараша керектөөгө азыраак сарптоого түрткү берди. Мындай көрүнүш керектөөчү элдин товарларга суроо-талабын азайтып, өлкөдө баалардын өсүшүн кармап турууга жардам берет», – дейт УБ.
Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Аны менен бирге бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.