БалаTech олимпиадасы: быйыл 50 000 окуучу катышат

БалаTech олимпиадасы: быйыл 50 000 окуучу катышат

Жыл сайын өткөрүлүүчү программалоо боюнча мектеп окуучулар арасындагы БалаTech олимпиадасы быйыл 50 000ден ашуун катышуучуну күтүп жатат.

2019-жылы биринчи жолу өткөрүлгөндө 500 окуучу гана катышкан. Өткөн жылы болсо 15 миңге жетип, быйыл дагы үч эсеге өсүп отурат. Мына дал ушундай массаны камтыш үчүн бул долбоор пайда болгон дейт Codegeneration программалоо мектебинин негиздөөчүсү Санжар Маматов.

“Биздин компаниянын миссиясы, Кыргызстанды инновациялардын өлкөсүнө айлантуу. Кандайдыр бир инновациялык продукттар жасалып, дүйнө жүзү боюнча экспорттолуп турса деп кыялданабыз. 2019-жылы идея пайда болду, биз ал убакта баллдарды программалоого офлайн окуткандыктан, биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны мынчалык көп массаны камсыздай албасын түшүндүк. Анан ошол жылы БалаTech олимпиадасын уюштурдук, алгач жалаң гана Кыргызстандын окуучулары катышып башташкан. Азыр КМШ, Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн да кошулуп жатышат. Быйыл 50 000 катышуучу күтүп жатабыз”.

Смартфон, интернет жана каалоо гана керек

БалаTech долбоорунун өзүнүн окута турган платформасы бар. Анда каалаган окуучу программалоонун негиздерин акысыз үйрөнө алат. Бул үчүн үч гана нерсе керек: смартфон, интернет жана каалоо. Балдар программалоонун тилин оюн формасында үйрөнүшүп, алган билимдерин жылына өтүп туруучу олимпиадада сынай алышат. Бала кайда жана кандай шартта жашабасын бирдей билим алуу мүмкүнчүлүгүн бергибиз келет дейт долбоордун менеджери Санжар Маматов. 

“Бул абдан оптималдуу модель деп эсептейм. Биз балдарга билим беребиз, билим алууга мотивация беребиз, кийин билимдерин сынаганга мүмкүнчүлүк беребиз. Бул олимпиадага 5-класстан 11-класска чейинки каалаган окуучу катыша алат, компьютердин да кереги жок, телефон эле жетиштүү. Контент азыр орус тилинде, бирок келечекте кыргыз, англис тилдеринде да жеткиликтүү болот”.

БалаTech көптөгөн окуучуну шыктандырды

БалаTech платформасында балдар программалоонун негиздерин үйрөнүшөт. Башкача айтканда, алгачкы пайдубал түптөлөт. Балдар эле эмес, көптөгөн чоң адамдар үчүн деле программалоо абдан оор, баш катырган коддорду жазыш керек болгон зериктирме ишмердүүлүк катары сезилет. Бул жерде балдар оюндун каарманына ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берип жатып, өзүлөрү да байкабай программалоонун негиздерин өздөштүрүшөт.

“Эң алгачкы базалык принциптерин билип алгандан кийин, программалоодон балдар коркпой калышат, программалоонун башка багыттарына оңой өтүп кете беришет. Мен өзүм үчүн бир эң негизги факторду аныктадым. Өткөн жылы 15 мин окуучу катышканда, мен иликтөө жүргүзүп көрдүм. Бардык деңгээлдерден толук өткөн жана олимпиадага катышкан 75 окуучу менен баарлашып чыктым. Алардын 45% буга чейин программалоого таптакыр кызыгышчу эмес экен. Алар биздин платформадан ойноп көрүп, олимпиадага катышкандан кийин ишенимдүү болуп калгандарын айтышты, бул оор бир нерсе деген ишенбестик жана коркунуч кетип, бул багытта андан ары өнүгүүгө кызыкчылык пайда болду. Бир Караколдук 10-класс окуган кыз менен суйлөшсөм, ылайыктуу эч нерсе таппагандыктан экономисттин окуусуна тапшырганы жатканын, олимпиададан кийин программист болууну чечкенин айтты”.

Азыркы муун машиналар менен сүйлөшө билиши керек

Санжар Маматов 24 жашта. Анын БалаTech долбоору бардык балдарга билим алууну жеткиликтүү кылууга багытталган. Анын мындай амбициялуу идеясын БУУӨП жактырып, толугу менен каржылап, ментордук колдоо көрсөтүп келет. 

“Балдар кийин кандай кесипти, кайсы чөйрөнү тандап кетишет айырмасы жок. Бирок алардын программалоо боюнча базалык билимдери болушу керек. Анткени, азыр бул билимдер “must havе” деген категорияга кирип калды. Азыркы муун машиналар менен сүйлөшкөндү, алардын тилин билиши керек”.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан