Жаңы Салык кодексинде бизнестин кандай сунуштары эске алынбай калган?

Жаңы Салык кодексинде бизнестин кандай сунуштары эске алынбай калган?

«Салык кодексин иштеп чыгуу 2021-жылдын жазында башталган. Концепцияны талкуулап жатканда, биз салык салууну жөнөкөйлөтүү, мурдагы кодексте болгон карама-каршылыктарды жоюу, электрондук коммерция сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү киргизүү сыяктуу максаттарды койгонбуз».

Бул тууралуу 2-мартта Economist.kg басылмасы уюштурган «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) жетекчисинин орун басары Жанабил Давлетбаев билдирди.

Анын айтымында, Салык кодексинин долбоору коомдук талкууга коюлганда анын кээ бир максаттары ишке ашкан эмес. Көптөгөн бизнес-ассоциациялар берген сунуштардын бир тобу эске алынган, бирок ошол эле кезде айрым пикирлер кабыл алынган эмес.

«Андан кийин долбоор Жогорку Кеңешке өтүп, ал жерде да бир катар талкуулар болду. Биз банктын кардарынын сырын соттун чечими менен гана алууга болот десек, долбоордо Салык кызматынын чечими менен ачыкка чыгаруу сунушу болгон. Эми азыркы кодексте бул соттун чечими менен гана ишке ашат. Депутаттар тарабынан дагы башка өзгөртүүлөр болду. Ошондой эле сергитүүчү суусундуктарга да бир топ жогорку акциздик ставкалар киргизилди», — деди Давлетбаев.

ЭИКтин жетекчисинин орун басары Салык кодексинин долбоору биринчи окуудан кийин гана жарыяланганын белгиледи. Андан кийин үчүнчү окууга чейин ал коомчулукка ачык болбогонун жана анын кандайча өзгөрүп жатканын түшүнүү кыйын болгонун айтты.

«Анда акыркы инстанция – президенттин Администрациясы болду. Президент Салык кодексин кайра карап чыгууга кайтарат деген үмүт бар болчу. Бирок, биз билгендей, кодекске ушундай прецедент менен кол коюлган, ал тетири таасир бериши мүмкүн», — деп кошумчалады ал.

Давлетбаевдин айтымында, кодексте төмөнкү пункттар эске алынган эмес:
  • Иликтөө функциясын өткөрүп берүү жолу менен Салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү
  • Салык органдарын каржылоонун салык жыйноого тике көз карандылыгы
  • Айып пулдардын, салык санкцияларынын өлчөмүн бир кыйла жогорулатуу
  • Кызмат көрсөтүүлөргө кайтарым КНСти киргизүү
  • Кен казуучу ишканаларга салык салуунун кээ бир маселелери
  • Коомдук тамактануу жана башка тармактар ​​үчүн бирдиктүү салыктын жогорулатылган ставкалары
  • КНС ставкалары
  • Сергитүүчү суусундуктарга акциздик ставкалар.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и