Жерүйдөгү алтын чыгарган фабриканын иштегенине бир жыл болду. Кандай иштер аткарылды?

Жерүйдөгү алтын чыгарган фабриканын иштегенине бир жыл болду. Кандай иштер аткарылды?

Өткөн жылы Кыргызстандын экономикасына пайда алып келген алгылыктуу долбоорлордун бири Жерүй кенин ишке киргизүү болду. Өндүрүштөгү бардык кыйынчылыктарга карабастан, кенди өздөштүрүү өз убагында башталып, өндүрүлгөн алтындын көлөмү боюнча алгачкы жыйынтыктар пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты.

Мындан туура бир жыл мурда, 17-мартта Жерүйдө алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика ишке кирген. Таластагы алтын кен комбинатынын салтанаттуу ишке киришүү аземи Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчыларынын деңгээлинде өттү. Иш-чарага КРнын президенти Садыр Жапаров менен РФнын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында катышты.

КРнын президенти инвесторлорго – «Альянс Группасына» Кыргызстандын экономикасына инвестиция салганына ыраазычылык билдирип, «Жерүй» Россиянын мамлекеттик банкынын катышуусундагы өлкөдөгү иштеп жаткан эң ири инвестициялык долбоор экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кенди ишке киргизүүгө даярдык көрүү стадиясында эле инвесторлор бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго салык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1.5 млрд сом которгон.

Комбинаттын ишке кириши – ВТБ Банктын Кыргызстандагы дебюттук жана Россиянын катышуусундагы эң ири долбоору болуп саналат жана каржылоонун жалпы суммасы 190 млн долларды түзөт. Ал эми тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 410 млн доллардан ашат.

КРнын экономикасы «Жерүй» долбоору аркылуу руданы казуудан тартып, алтын куймаларын алганга чейинки толук циклди түзгөн уникалдуу өндүрүш объектисине ээ болду.

Эске салсак, КРнын мыйзамдарынын шарттарында иштеген «Альянс Группасы» Жерүй кенин иштетүү үчүн лицензияны 2015-жылы 100 млн долларга алган. Бул Кыргызстанда буга чейин лицензия үчүн төлөнгөн эң чоң сумма десек болот. Ал кезде Жерүй 580 млн долларлык соттук милдеттенмелеринен улам көйгөйлүү объект катары эсептелип турган эле.

Бир жылдык иштердин жыйынтыгы

Салыктык чегерүүлөр

10-мартка карата «Альянс Алтын» ЖЧК республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 5 млрд сомдон ашык которгон, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн киреше – 2 млрд 644.2 млн сомду түзгөн.

10-мартка карата «Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүү» беренеси боюнча кирешелердин 2% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү 272 288 264 сомду түздү:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 136 144 132 сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 81 686 479 сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 54 457 653 сом

Эмгек ресурстары

«Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 674 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 90 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 13%)
  • башка аймактардан – 186 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 398 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 159 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Окутуу

Талас облусунда 361 адам окуудан өттү:

  • Бекмолдоев айыл өкмөтүнө – 120 адам (окугандардын жалпы санынын 33%)
  • Талас району – 90 адам (25%)
  • Манас району – 18 адам (5%)
  • Бакай-Ата району – 35 адам (10%)
  • Кара-Буура району – 37 адам (10%)
  • Талас – 61 адам (17%).

Кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 10-мартка карата окууну аяктагандардын ичинен 199 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон:

  • Бекмолдо айыл өкмөтүнөн – 70 адам (айылдык окуудан өткөндөрдүн жалпы санынын 35%ы)
  • Талас району – 54 адам (27%)
  • Манас району – 10 адам (5%)
  • Бакай-Ата району – 18 адам (9%)
  • Кара-Буура району – 17 адам (9%)
  • Талас – 30 адам (15%).

Экологиялык нормалар

Бардык экологиялык талаптарды жана жумушта коопсуздук чараларын так сактоо «Альянс Алтын» компаниясынын маанилүү артыкчылыктарынын бири.

Руданы кайра иштетүү алтын өндүрүүчү  фабриканын башкы корпусунун ичинде нейтралдаштыруу аркылуу кудуктан эритүү технологиясы менен жүрөт. Анткени зыяндуу заттарды айлана-чөйрөгө түшүрбөө маанилүү болуп саналат.

Ошондой эле Жерүйдө суунун пайдаланылышы толук көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Суу фабриканын ичинде пайдаланылат жана ачык суу булактарына төгүлбөйт, бул рудадан алтынды алуу учурунда жогорку экологиялык стандарттарды сактоодо өтө маанилүү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы рекультивация фондуна атайын ай сайын 795 миң сом которуп турат. 2022-жылдын март айына карата атайын рекультивациялык эсепке 33 млн 293 миң сом топтолгон.

Жерүйдө санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө ишкананын адистери тарабынан күн сайын жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и