Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кыргызстандын дан запасы 6-7 айга жетет. Бул тууралуу «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарган.

2021-жылдын аягында 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналган. Чабылган аянттан 1.3 млн тонна түшүм алынган (кайра иштетүүдөн кийинки салмакта), бул 2020-жылга салыштырмалуу 28.4%га аз. Анын ичинде буудайдын дүң жыйымы – 42.3%гаарпаныкы – 46.3%гажүгөрү даны – 3.2%га кыскарган.

«Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги себеп болду», – деп айтылат Улутстаткомдун билдирүүсүндө.

Учурда Кыргызстанда абал кандай?

Ал эми жакында эле Россия – Украина согушуна байланыштуу, Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Натыйжада, Бишкектин бир катар чоң соода түйүндөрү да кээ бир суроо-талап көп азыктарга чектөө киргизген.

Буга чейин 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕИК) отурумунда 450 миң тонна квота буудай сурап алууну пландап жатканын айткан эле. Бирок Москвада кыргыз тараптын төрагалыгы астында өткөн ЕЭКтин жыйынында бул тууралуу эч кандай макулдашуу болгон жок.

Эми кандай болот?

Ал эми Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугу боюнча өткөргөн маалымат жыйынында ун чыгаруучу 15 ишканада учурда 60 миң тоннадан ашык буудай сакталып турганын айтып, бирок Материалдык резервдер фондунда канча запас бар экендиги тууралуу так маалымат берген жок.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери 35 ун чыгаруучу ишкана жабылган, тагыраак айтканда, 2014-жылы 65 завод болсо, 2020-жылы анын отузу гана калган.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги 1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг чейинки деңгээлде болуп, учурда ун комбинаттары үзгүлтүксүз иштеп жаткандыгын, ун жана макарон азыктарынын запасы бар экендигин айтат. Ошондой эле «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын базар баасын турукташтыруу максатында» Министрлер кабинети өткөн жумада Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) башка бардык өлкөлөргө буудайды жана меслинди, буудай унун экспорттоого 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды.

Ал эми кошуна Казакстанда абал кандай?

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин 19-мартта берген маалыматына ылайык, алардын колунда болгон буудайынын запасы 2 жылдык керектөөсүн жабат.

Казакстандын ички рыногунда 7.4 млн тонна буудай бар. Өлкөнүн керектөөлөрүн толук канааттандыруу үчүн РФ тарабынан алмаштырыла турган көлөмдү кошкондо 3.7 млн тонна буудай керектелет. Ошентип, министрликтен түшүндүрүшкөндөй, колдо болгон запастар өлкөнүн буудайга болгон 2 жылдык керектөөсүн камсыздайт.

Казакстандын министрлиги өлкөсүндө ундун запасы да жетиштүү экенин, аларда учурда 137.9 миң тонна ун бар экенин билдирди. Мындан тышкары, министрлик «Азык-түлүк корпорациясы» ААК аркылуу 600 миң тонна эгинди кармап турат, бул өз кезегинде 450 миң тонна ун өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми Россиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, азыр РФда дан менен камсыз кылуу 150%дан ашат. Бирок жогоруда айткандай, сентябрга чейин экспортко чыгарбайт.

Анан?..

Эгерде жогорудагы маалыматтарга жана Экономика жана соода министри Амангелдиевдин Кыргызстанда 6-7 айга жетерлик дандын запасы бар деп айтканына таянып, кандайдыр бир жыйынтыкка келе турган болсок, күзгө түшүм алчу маалга жетебиз. Бирок быйыл түшүм кандай болот, маселе ошондо. Бул да өз кезегинде айдалган жерден, анын аянтынан, себилген үрөндөн, жазгы талаа иштеринен, аба ырайынан, сугат мезгилиндеги суунун тартышсыз берилгенинен, дыйкандардан көз каранды болот.

Жалпы карай турган болсок, Жаңы жылдан кийинки өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу болсо, күздө алынган түшүмдөн, геосаясий абалдан, доллардын наркынан, кошуна өлкөлөрдүн азык-түлүк «саясатынан» көз каранды болот. Кошуна өлкө дегенибиздин себеби, Кыргызстан буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан ташып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик Баатыр айыл аймагында 27,82 гектар жер трансформацияланат

Байтик Баатыр айыл аймагында 27,82 гектар жер трансформацияланат

МинКаб Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жер тилкесин  Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) кампусун куруу үчүн трансформациялоо токтомун кабыл алды. Токтомго ылайык, Байтик Баатыр айыл аймагындагы  27,82 гектар жер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына өткөрүлдү. Анын ичинен 25,38 гектары мамлекеттик менчикте, ал эми

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

2025-жылдын январь–ноябрь айларында салыктык түшүүлөргө экономиканын алдыңкы тармактары олуттуу салым кошту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Алардын ичинен: * Соода тармагы – 31% (84,6 млрд сом) * Тоок-кен тармагы – 20,6% (56,7 млрд сом) * Курулуш – 8% (15,5 млрд сом) * Финансылык кызматтар – 4,7% (12,8 млрд сом) * Байланыш – 2,

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2025-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен 2025-жылга республикалык бюджетке жана 2026–2027-жылдарга карата пландуу мезгилге өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде парламенттин кароосуна киргизилет. 2025-жылга бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү * Кирешелер:  605,5 млрд сом * Чыгашалар: 590,1 млрд сом * Сальдо (айырма): 15,4 млрд

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

IV Элдик курултай учурунда Сузак районунан келген делегат Залкарбек Макамбаев Кара-Дарыя айылында улуттук телеберүүлөр жеткиликтүү эместигин билдирди. "Биздин айылга телеберүүлөрдү таркатуучу станция жана уюлдук операторлордун антеналарын орнотуп берүүнү суранабыз. Экинчи маселе - 18 миң калкы бар айылыбызда маданият үйү жок маданий иш-чаралар мектептин залында өткөрүлүп келет. Эски маданият үйүн