Чет элдик компаниялар Кыргызстандан чыгып кетсе эмне болот? – 60 миң жумуш оруну жоголот

Украинага жасаган чабуулунан кийин Россиядан чет элдик компаниялардын массалык түрдө чыгып кетиши – орус экономикасынын кеминде 30 жыл артка кетүү коркунучун туудурууда. Бул кризистин кесепеттеринин масштабы али эсептеле элек, бирок азыр көптөгөн россиялыктар жумушунан жана жашоо каражаттарынан айрылышты. Согушка чейин ар бир онунчу орус жараны жакырчылыктын чегинде жашаганын эске алсак, бул олуттуу маселе. Мына ушул жагдайдын баары чет элдик инвестициялардын жана дүйнөлүк компаниялардын ишмердүүлүгү өлкө үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.
Кыргызстан үчүн чет элдик инвестициялар абдан маанилүү жана экономиканы өнүктүрүүдө жетектөөчү ролду ойнойт, төмөндөгү «Чет элдик инвестициялары бар КРгы ишканалардын ишмердүүлүгү» деген баяндама да ушул темада болмокчу. Мындай серепти жыл сайын Улуттук статистикалык комитет түзөт. Акыркы жаңы талдоо өткөн жылдын октябрь айынын аягында жарыяланган жана 2016-жылдан 2020-жылга чейинки беш жылдык статистикалык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Economist.kg берилген отчетту иликтеп чыгып, чет элдик инвесторлор өлкөбүзгө кандай салым кошуп жатканын жана алардын ролу канчалык маанилүү экенин тастыктады.
Кыскача тезистер: Чет элдик капиталы бар компаниялар 60 миң кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылууда. Мындай ишканаларда эмгек акы 2.2 эсе жогору. Бирок чет элдик компаниялардын инвестициясы жыл сайын азайып баратат.
Жумуш көп, айлык акы да жогору
Чет элдик инвестициялары бар компаниялар Кыргызстандын экономикасында маанилүү роль ойнойт, анткени мындай ишканаларда 60 миңден ашуун кыргызстандыктар иштейт жана бул сан тынымсыз өсүүдө. Алсак, 2016-жылдан 2020-жылга чейин чет өлкөлүк үлүшү бар компаниялардын кызматкерлеринин саны 2 миң адамга – 59.6 миңден 61.4 миң кызматкерге өскөн.
Ошону менен бирге, 2021-жылга жылга чейин канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын көзөмөлүндө болгон, басымдуу болбосо да чет өлкөлүк капиталга ээ Кумтөрдүн жумуш менен камсыз кылуу боюнча статистикага чоң салым кошкондугун эске алуу керек. 2020-жылдын акырына карата, жалдама компанияларды кошкондо кенде дээрлик 4 миң адам иштесе, алардын 99%ы кыргызстандыктар болгон.
КРда 56 миңге жакын жумушчу орундары чет өлкөлүк капиталы бар компаниялар тарабынан түзүлгөн.
Чет элдик инвестициялардын олуттуу артыкчылыгы – бул жогорку айлык акы төлөө мүмкүнчүлүгү болгонунда. Чет элдик капиталдын катышуусу менен ишканаларда иштеген кыргызстандыктардын эмгек акысы отчеттук мезгилде орточо 41.5 миң сомду түзгөн, бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 2.2 эсеге жогору.
Мындай ишканаларда эмгек акы тынымсыз өсүп турганын да белгилей кетүү керек.
Беш жылдын ичинде эле чет өлкөлүк ишканаларда иштегендердин орточо эмгек акысы 10.1 миң сомго, тагыраак айтканда, айына 31.9 миң сомдон 41.5 миң сомго чейин өскөн. Ал эми республика боюнча 5.1 миң сомду, тагыраак белгилесек, 14.8 миң сомдон 20 миң сомго чейинки көрсөкүчтү түзгөн.
Киреше алуу боюнча рекордсмендер — негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын чыгаруучу жумушчулар болгон (бул жерде «Кумтөрдүн» салымы жогору) жана алар айына 119 миң сомдон алышкан.
Андан ары орточо айлык эмгек акынын эң көп өлчөмү өткөн жылы кесиптик, илимий жана техникалык ишканаларда жана уюмдарда иштеген жумушчуларда байкалып, ал – 58.5 миң сомду түзгөн. Беш жылдын ичинде өсүш 25%га жеткен.
Андан кийин маалымат жана байланыш чөйрөлөрү – 55.1 миң сом, кайра иштетүү өнөр жайы – 54.2 миң, тоо-кен казып алуу – 45.1 миң, курулуш – 36.6 миң сом, электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылуу – 34.9 миң сом, дүң жана чекене соода тармактары, автомобилдерди жана мотоциклдерди ремонттоо – 31.6 миң сом, транспорт ишмердүүлүгү жана товарларды сактоого – 30.7 миң сом өлчөмүндө болгон.
Өндүрүш тармагында жумушчу орундарынын көптүгү
Статистикалык маалыматтарга ылайык, чет өлкөлүк компанияларга тиешеси бар ишканаларда иштегендердин дээрлик 59%ы (36 миңден ашык адам) өнөр жай тармагында иштейт.
Жумуш орундарынын басымдуу көпчүлүгү чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен түзүлөт, бул башында айтылгандай тоо-кен тармагында эмес, акыркы продукцияны жаратуучу жана экономикалык өнүгүүнүн жогорку деңгээлинен кабар берген кайра иштетүүчү өнөр жайда түзүлөт.
Алсак, 2016-2020-жылдары чет элдик компаниялар 18 миң кыргызстандыкты кайра иштетүү тармагында иш менен камсыз кылган.
Дагы 11 миң адам электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер менен камсыздоодо иштеген. Ал эми тоо-кен ишканаларында чет элдик компаниялардын 7 миң гана кызматкери иштеген.
Өндүрүштөн кийин чет элдик компаниялар соода тармагында көп сандагы жумуш орундарын түзүшөт.
Алсак, 2020-жылдын акырына карата дүң жана чекене соодада чет өлкөлүктөрдүн тиешеси бар компанияларда 12.2 миң адам жумуш менен камсыз болгон. Маалымат жана байланыш тармагында – 2.7 миң адам, курулушта – 2.3 миң адам, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө – 2 миңден ашык адам иштеген.
Саламаттыкты сактоо тармагына 1.2 миң адам, административдик жана көмөкчү иштерге 1.1 миң адам, транспорт иштерине жана жүктөрдү сактоого 1 миң адам жумушка тартылган.
Аймактарга келсек, чет өлкөлүк компанияларга тиешеси бар ишканалардын кызматкерлеринин эң көбү Бишкек шаарында байкалган, тагыраак айтканда, бул 36.5 миң адамды же жалпы сандын 43%ын түзгөн. Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери борбордо иштегендердин саны 3.3 миң адамга (-11%) кыскарган.
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин саны аймактар боюнча төмөнкүдөй болгон:
- Чүй – 11.7 миң
- Жалал-Абад – 8.8 миң
- ишмердүүлүгү облустарга бөлүнбөгөн ишканалар – 5.9 миң
- Ысык-Көл – 3.6 миң
- Ош – 1.6 миң
- Талас – 1 миң
- Баткен – 433
- Нарын – 210
Чет элдик компаниялар соода жана өнөр жайга кызыгышат
2016-жылдан 2020-жылга чейин чет өлкөлүк компаниялардын тиешеси бар ишканалардын саны 220 ишканага өскөн – 3173төн 3393кө чейин. Эң көп өсүүнү дүң жана чекене соода ишканалары, унаа оңдоочу ишканалар – 14%га (1246га чейин) көрсөткөн.
Экинчи орунду өнөр жай тармагындагы компания ээлейт – 598 ишкана. Алардын 83%дан ашыгы (497) кайра иштетүү өнөр жайына туура келет. Бирок, отчеттук мезгилдин ичинде ишканалардын саны 6 гана ишканага жеткен.
Үчүнчү орунда кесиптик-техникалык ишмердүүлүк чөйрөсү турат. Бирок бул тармакта тескери тенденция байкалган, 2020-жылы ишканалар да азайган – 2019-жылдагы 433 компаниянын ичинен 398и эле калган.
Чет элдик инвестициялардын тиешеси бар ишканалардын 83%га жакыны (2.8 миң) Бишкек шаарында иштеген. Ошондой эле алдыңкы үчтүктө Чүй облусу (291 ишкана) жана Ош шаары (77 ишкана) турат.
КРда көбүнчө россиялык жана кытайлык ишканалар иш алпарышат
Дээрлик 3.4 миң компаниянын 751 Россиядан келген. Бирок 2019-жылдан 2020-жылга чейин алардын саны 46 компанияга кыскарган.
Экинчи орунда Кытайдын ишканалары турат. Отчеттук мезгилде алардын саны 679дан 644 ишканага кыскарган.
Казак компанияларынын саны аз болсо да 495тен 500гө чейин өскөн.
2020-жылдын аягына карата онго жетпеген компаниянын Кувейт (2), Чехия (4), Молдова (5), Ливан (6), Сейшел (6), Армения (7), Австрия (7), Сауд Аравия (8), Латвия (9), Болгария (9) сыяктуу өнөктөш өлкөлөрү бар болгон.
Чет элдик компаниялардын кирешеси 2020-жылга чейин өскөн
2016-жылдан бери чет элдик капиталы бар компаниялардын кирешеси 20 млрд сомго – 37.4 миллиарддан 57.3 млрд сомго чейин өскөн.
Бирок 2020-жылга карата жыйынтык боюнча 2.6 млрд сом (жоготуулардын суммасы 59.9 млрд сом) жоготкон.
2020-жыл электр энергиясы, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыз кылуучу ишканаларда (жоготуу 15.1 млрд сом), кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүктө (жоготуу 8.2 млрд сом), ошондой эле тоо-кен өндүрүшү (6.2 млрд сом жоготуу) эң чоң жоготуу менен аяктады.
Инвестициялар барган сайын кыскарууда…
2020-жылы чет өлкөлүк инвестициялардын катышуусу менен ишканалардын ишмердүүлүгүнө багытталган тике чет өлкөлүк инвестициялардын агылып кирүүсү (чыгууну эсепке албаганда) 537.6 млн долларды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу эки эсеге жана 2016-жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге аз.
Эң көп өлкөдөн агылып чыккан инвестиция кытай капиталында байкалган – бир жыл ичинде ал 338 млн доллардан (2019-ж.) 136.1 млн долларга (2020-ж.) кыскарган. Көлөмдүн кыскаруусу боюнча кийинки орунда канадалык инвестициялар турат – 259.2 млн доллардан 155 млн долларга чейин, Швейцариянын инвестициясы 61%га – 103.3 млн доллардан 39.9 млн долларга чейин кыскарган.
Түрк капиталынын агылып чыгышы 74.3%дан ашты (94.6 млн доллардан 24.3 млн долларга чейин), Улуу Британиядан келген инвестиция эки эсе азайып, 73.2 млн доллардан 26.1 млн долларга чейин кыскарды. Ошондой эле Россиядан келген инвесторлордун 2019-жылдагы капиталы 38.2 млн доллардан 2020-жылы 13.5 млн долларга чейин кыскарган.