31 жыл ичинде эгемендүү Кыргызстандын киши башына ИДПсы эки эсеге гана өстү

31 жыл ичинде эгемендүү Кыргызстандын киши башына ИДПсы эки эсеге гана өстү

Эртең, 31-август күнү, Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Көз карандысыздыктын 31 жыл аралыгында Экономикалык маанилүү көрсөткүч болгон Ички дүң продуктунун (ИДП) киши башына карата көлөмү кандай өзгөргөнүн Economist.kg байкап көрдү.

1991-жылы киши башына ИДП 576 долларды түзсө, 2021-жылы 1276 долларды түздү. Мындай көрсөткүчтөр Дүйнөлүк банктын маалыматында айтылат.

Эгемендүүлүккө жеткенден тартып Кыргызстандын экономикасы 1999-жылы абдан начарлап (ИДП адам башына 258 доллар), бир нече жолу өсүп, COVID-19 пандемиясы дүйнөнү каптаганга чейин 2019-жылы эң жогорку чекитке жеткен (киши башына 1374 доллар).

Бирок жалпысынан көз чаптырсак, 30 жылда өлкөнүн экономикасы эки эсеге гана өстү деген жыйынтык чыгарса болот.

Салыштырсак, ошол эле мезгилде Казакстандын экономикасы төрт эседен ашык өскөн (2013-жылы эң жогорку көрсөткүчү киши башына 13 891 доллар болгон). Өзбекстандын экономикасы бул жылдар ичинде 2.5 эсеге, Тажикстандыкы 1.7 эсеге өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу