Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз — Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү

Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз — Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Өлкө башчынын маалымат кызматы президенттин сүйлөгөн сөзүн келтирди.

Анда президент 1996-жылы Кытай Эл Республикасы жана 1999-жылы Казакстан Республикасы менен үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон жерин, чек араны жөнгө салуу маселелерин ийгиликтүү бүткөнүн, Өзбекстан Республикасы менен биргелешкен иштерди дээрлик толугу менен аяктап, Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуга киришип жатканын, бирок Тажикстан 2021-жылдын апрелинде жана ушул жылы да бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаганын айтты.

«Тажикстан Республикасы менен болгон мамилебиз боюнча төмөнкүлөрдү билдирем.

Биздин ынак коңшу элдерибиз илгертен бери өтө жакын жашайт.

Бизди жалпы баалуулуктарыбыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз бириктирип турат, биздин динибиз бир.

Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында тараган, мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө» Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан.

Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген.

Өлкөлөр «жарандык тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин» сезет деп жазылган.

Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстан Республикасынын Президенти да кол койгон.

Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө» Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган. Кол койуп, макул болгон.

Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү.

Ал Тажикстандагы кандуу жарандык согуш аяктагандан кийин 1998-жылы биринчи расмий иш сапарын Кыргыз Республикасына жасаган.

Кийин Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамлекеттер аралык эки келишим:

1996-жылдын 12-июлундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишим жана 2004-жылдын 26-майындагы Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишим түзөлгөн.

Эки келишим тең Дүйшөмбү шаарында кол коюлгандыгын белгилеп кетким келет.

Урматтуу Төрага мырза,

Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча иш башталгандан тартып кыргыз тарап дайыма өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге, анын ичинде эки тараптуу милдеттенмелерге ылайык иш жүргүзүп, өз ара пайдалуу компромисстерди сунуштоого аракет кылып, конструктивдүү маанайдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз.

Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди.

Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум.

Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын.Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек.

Ал эми ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.

Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң.

Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.

Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.

Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз.

Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар.

Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз.

Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз!

Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз.

Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз.

Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз.

Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат.

Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө, чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.
Быйыл биз БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу мезгилинин жарымына келдик, ушуга байланыштуу азыркы абалды объективдүү баалай алабыз», — деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу