Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди — бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди — бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Мамлекеттик Дума экинчи жана үчүнчү окууда Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алды, анда мобилизациядан качкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Андыктан Кыргызстандан барган эмгек мигранттары мындай өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып турушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Депутат Россияда орус паспортун алган кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгиледи. Ал эми Россиянын мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр аскер кызматына милдеттүү жарандарга мобилизациядан качууга жол бербейт.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат жана аскердик кызматка биринчи кезекте запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар алынат.


Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору РФнын Куралдуу күчтөрүндө контракт боюнча аскер кызматын өтөөгө орус жарандыгын алууну каалаган мигранттарды ишке тарта баштайт. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Ошондой эле Собянин “Сахарово” миграциялык борбору орус армиясынын катарын чет элдиктер менен толуктоого жардам берерин билдирди. Ал Мамлекеттик Дума Россиянын жарандыгын алууну жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам кабыл алганын жазган. Ага ылайык, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн жылдык келишим түзгөн чет элдиктер көп күтпөстөн жана башка бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жарандык ала алышат.


Мамлекеттик Дума Россиянын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Алардын арасында “өз ыктыяры менен багынып берүү” (352-берене, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) жана “мародерлук” (356-берене, 15 жылга чейин) бар.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, оордотуучу жагдайлардын тизмесине «мобилизация мезгилинде же согуш убагында» кылмыш киргизилген. Мыйзамда мобилизациялык жана аскердик абал учурунда аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендерди 10 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча жаза каралган. Запастагы жана аскердик окууга чакырылган адамдар келбей калган же аскерден качкан учурда кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу