Кыргызстандын жолдорун оңдоого 2.6 млрд долларды кайсы чет өлкөлүк уюмдар берди? — анын 2.2 млрд доллары насыя

Кыргызстандын жолдорун оңдоого 2.6 млрд долларды кайсы чет өлкөлүк уюмдар берди? — анын 2.2 млрд доллары насыя

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 28 жылдын ичинде КРнын жол тармагына миллиарддаган каражат бөлгөн чет өлкөлүк финансылык институттардын атын атады.

«Негизги каржы булактары — эл аралык уюмдар тарабынан берилген кредиттер жана гранттар болгон. Бул аралыкта Кыргызстанга 2 млрд 68 млн доллардан ашык каражат тартылып, анын 405 млн 560 миң сому гана грант түрүндө болсо, калган 2.27 млрд сому насыя түрүндө келген», — дейт министрлик.

Жолду ремонттоого каражат берген негизги донорлор:

Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын жардамы менен Түндүк-Түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Сарыташ — Эркечтам жолдорун кошкондо 9 жол долбоору ишке ашырылган. Эксимбанк КРга 1 млрд 100 млн доллар насыя берип, анын 102.9 миллиону гана Бишкектин ичиндеги жолдорду жана көчөлөрдү оңдоону каржылоого Кытай өкмөтүнүн жардамы түрүндө болгон.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жалпысынан 642.6 млн доллардан ашык каражат бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар болгон. Бул уюмдун алкагында Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Алматы, Түндүк — Түштүк автожолдорунун тилкелери калыбына келтирилди.

Япония үчүнчү орунда турат, 316.9 млн доллардан ашык каражат берип, анын ичинде 76.69 миллиону грант түрүндө келип, бул каражаттар «Манас» аэропортунун жолдорун реконструкциялоого жана Бишкек — Ош жолун реконструкциялоого жумшалган.

Донордук жана финансылык инструменттер менен жол куруу тармагына 1992-2020-жылдары көрсөтүлгөн тышкы жардамдар


Эскерте кетсек, Economist.kg өткөн жылы Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды? деп аталган макаласында биринчиден, автомобиль жолдорун максималдуу пайдалануу мөөнөтү 20-24 жыл экендигин, бул болжол менен насыяларды төлөө мөөнөтүнө туура келерин, демек, мамлекет жолго алынган насыяны төлөп бүтөөрү менен, курулуп бүткөн жолду кайра калыбына келтирүү үчүн жаңы ресурстарды издөөсү зарыл экендигин айткан эле.

Айрым өлкөлөр бул көйгөйдү жол акыларын киргизүү жана башкаруу жолу менен чечишет, ал аркылуу мамлекеттик бюджетте жол фонддору түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу