Бийлик Темировдон эмнеге кутулгусу келди? — ал коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдү жарыялачу

Бийлик Темировдон эмнеге кутулгусу келди? — ал коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдү жарыялачу

Кыргызстандагы белгилүү иликтөөчү журналист, Temirov LIVE YouTube каналынын негиздөөчүсү, Factcheck.kg интернет басылмасынын мурдагы башкы редактору жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарындагы коррупциялык схемалар боюнча бир катар иликтөөлөрдүн автору Болот Темировго карата кечээ, 23-ноябрь күнү Бишкек шаардык соту аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Кыргызстанда төрөлүп, Россияда чоңоюп, кийин мекенине кайтып келген Болот Темировдун РФнын жараны экени айтылып, “Кыргызстанда документтерин жасалмалаган” деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан.

Иликтөөчү журналист соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Темировдун жактоочусу Замир Жоошев кардарынын иши боюнча соттун чечимине комментарий берди.

Жоошевдин айтымында, сот органдары Темировду “чет элдик жаран мамлекетте коркунуч жаратууда” деген негиз менен өлкөдөн чыгарган.

“Темировдун иши боюнча соттун өкүмүндө өлкөдөн чыгаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Демек, өлкөдөн чыгаруу мөөнөтсүз. Биз Болот Темировдун Россиянын жаранынын паспорту менен да кирүүсүнө тыюу салган соттун жашыруун чечими бар деп чочулап жатабыз. Буга чейин соттук практикада мындай болуп келген», – деди Жоошев.

Кээ бир маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарына Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен Болот Темировдун атына кандайдыр бир документ келип түшкөн. Натыйжада, кечээ, 23-ноябрда Темировду он чакты адам саат 20:00дө “Манас” аэропортунан Москвага учкан учакка күч менен отургузушкан.

Темиров кандай иликтөөлөрдү жасаган?

  1. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тууганы, тагыраак айтканда, 31 жаштагы жээни КРгы нефтини кайра иштетүүчү ири заводго жетекчи болуп дайындалганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

2. Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери ошол эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу айтып берген.

3. Ошол эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиевге 2020-жылга чейин таандык болгон «Томас и Ко» компаниясы 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы суммасы 58 млн сомго чукул тендерди утканы аныкталгандыгы тууралуу журналисттик иликтөөсүн чыгарган.

4. Temirov Live телеканалынын журналисттери кезектеги иликтөө жүргүзүп, президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановго тиешеси бар компания мамлекеттик ири тендерлерди утуп ала баштаганын айткан.

5. Temirov LIVE каналы президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясына жумушка орношконун тастыктаган материалын жарыялаган.

6. Темировдун дагы бир иликтөөсү “2 күндө кантип 37 млн сом тапса болот?” деп аталып, анда Ташиевдердин кланы кантип мунай магнаттарына айланганы, алардын үй-бүлөсү канча киреше алып жатканы, ошондой эле Садыр Жапаров ал кланды кантип колдогону айтылат.

7. Ошондой эле Темиров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тиешеси бар “Дамас” мейманканасы жана ага ээлик кылган компания тендерлерден канча млн сом утуп алганы тууралуу материалын чыгарган.

Жогоруда Темиров иликтеген бир канча гана материалдарын мисал кылдык. Анын толук иликтөөлөрүн Temirov Live ютуб каналынан көрүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу