Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат

Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат

28-ноябрда Улуттук банк эсептик ченди 14%дан 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул чечимдин негизги аспектиси болуп ички инфляциялык басымдын акырындык менен төмөндөшү саналат. Бирок дүйнөлүк конъюнктура белгисиз болууда, азык-түлүккө, энергетика жана башка товарларга дүйнөлүк баалар акырындык менен төмөндөгөнүнө карабастан баары бир жогору бойдон калууда.

Улуттук банк эмне үчүн сарамжалдуу акча-кредит саясатын карманат жана ал өлкөдөгү бааны турукташтырууга кандай жардам берерин Economist.kg басылмасына Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Керимкулова түшүндүрдү.

Туруктуулук үчүн ага ылайык саясат керек

Экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири – макроэкономикалык туруктуулук болуп саналат. Жогорку инфляция жана алмашуу курсунун туруксуздугу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылбайт, бул жөнгө салуучу банктын атайын саясатын, көңүлүн буруусун талап кылат.

Бул жерде Кыргызстандын экономикасынын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунан өтө эле көз карандылыгын эске алуу зарыл. Ал эми тыштан коюлган баа макроэкономикалык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келет, бул акча-кредит саясатын жүргүзүү шарттарына таасирин тийгизет.

«Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгүдөй эле геосаясий белгисиздиктин жана дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн шартында улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо жана инфляциялык басымды азайтуу максатында Улуттук банк белгилүү бир мезгилге чейин акча-кредит саясатын катаалдаштыруу курсун карманып, негизги ченди этап-этап менен көтөрүп келди», – деп түшүндүрдү Керимкулова.

28-ноябрда эсептик ченди төмөндөтүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышынын себеби, инфляцияга каршы тобокелдиктердин басаңдашы болгон, атап айтканда, буга чейин акча-кредит саясатынын инфляцияны ооздуктоо боюнча көрүлгөн чаралары менен шартталган.

Улуттук валютадагы депозиттер экономиканы насыялоого жардам берет

Акча-кредит саясатынын чечимдерин кабыл алуудагы дагы бир маанилүү фактор болуп, башка чет өлкөлүк валюталардагы аманаттарга салыштырмалуу сомдук депозиттердин жагымдуулугу саналат. Бул банк секторунун узак мөөнөттүү ресурстарын сактоого таасирин тийгизет жана алар өз кезегинде экономиканы насыялоо үчүн зарыл.

Улуттук банк жыл ичинде инфляцияны орточо деңгээлде кармап турууга, улуттук валютага басымды басаңдатууга жана банк секторунун ресурстук базасын көбөйтүү үчүн да, кредиттөөнүн өсүшү үчүн да жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген чараларды көрдү.

Регулятордун аракеттери өз натыйжасын берди. Улуттук банктын өкүлү берген статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын тогуз айында берилген кредиттердин көлөмү 21%га өскөн. Ал эми депозиттер 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га көп кабыл алынган. Эгерде 2021-жылдын август айында банктык кредити бар жеке жана юридикалык жактардын саны 461.5 миң болсо, 2022-жылдын августунда 539.7 миң болгон.

Кыргызстанда алтын көбөйө баштады

Каримкулова белгилегендей, акча-кредит саясаты жаатындагы тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруунун кошумча фактору болуп, Улуттук банктын ички рынокто алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан операциялары саналат.

КРнын алтынына Good Delivery статусу убактылуу токтотулгандыгын эске алуу менен, Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтындын негизги сатып алуучусу болгон. 2022-жылдын ноябрынын ортосуна карата бул жылы сатылып алынган алтындын көлөмү 22 тоннадан ашык өлчөмдү түздү. Алтынды сатып алуунун мындай көлөмү акча сунушунун олуттуу өсүшүнө алып келди.

Алсак, 2022-жылдын январь айынын акырына карата акча базасынын көлөмү 149.4 млрд сом деңгээлинде болсо, октябрдын аягында акча базасы 44.6%га өсүп, 216 млрд сомдон ашык сумманы түздү.

«Мындай шарттарда КРнын Улуттук банкы улуттук валютанын жагымдуулугун сактоо жана инфляциялык басымды минималдаштыруу максатында акча-кредит саясатынын тиешелүү шарттарын аныктоого аргасыз. Болбосо, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо активдүүрөөк интервенцияларды талап кылмак жана Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмүн олуттуу кыскартмак», – дей өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банктын өз убагында көргөн чараларынын аркасында экономика инфляциянын салыштырмалуу орточо деңгээлинде өсүүдө. Бул үчүн КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн эсептик ченин салыштырууга болот.


Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278 гектар, жашылча

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу