Баалуу кагаздарга инвестициялоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Баалуу кагаздарга инвестициялоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Инвестициялоонун бир инструменти – баалуу кагаздар. Өзүнүн топтогон каражаттарын ушул чөйрөгө биринчи жолу жумшоону чечкен адамдар үчүн, баалуу кагаздарды кантип туура сатып алуу керек жана эмнелерге көңүл бөлүү зарыл деген бир нече кеңештер боюнча "Финсабат" маалымат берет.

Баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар, кыска мөөнөттүү мамлекеттик облигациялар) брокер компаниясы аркылуу сатып алууга жана сатууга болот. Ал үчүн кардар брокер менен келишим түзүшү керек. Бул документте баалуу кагаздардын аталыштары, алардын саны менен наркы көрсөтүлөт. Эгерде кардарды кызыктырган баалуу кагаздардын пакети бар болсо, брокер пакеттин наркы төлөнөрү менен бүтүм боюнча иш алып барат же фондулук биржага билдирме жөнөтөт. Билдирменин аткарылышы келишимде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө (баасы, саны) жана рынокто ошол баалуу кагаздарга сунуштун бар болушуна жараша болот.

Келишим аткарылгандан кийин же анын мөөнөтү аяктагандан кийин брокер бүтүмдүн аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө кардарга отчёт берет. Баалуу кагаздарды сатуу жана сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн ар бир бүтүмдөрдөн кардар, брокер компаниясынын тарифтери менен аныкталган, комиссиялык төлөмдүн белгилүү өлчөмүн төлөйт.

Инвестор үчүн баалуу кагаздарды, мисалы, биринчи жолку рынокто облигацияларды сатып алуу пайдалуу, себеби мында инвестор кошумча чыгым тартпайт.

Мурда сатылып алынган баалуу кагаздарды кайра сатуу жүрүп жаткан экинчи жолку рынокто инвестор брокерге комиссия төлөйт. Бирок, инвестор экинчи жолку рынокто  «арзан сатып алуу – кымбат сатуу» принциби боюнча баалардын ортосундагы айырмадан пайда да алышы мүмкүн. Ошондой эле, облигацияларды жүгүртүү мөөнөтүнүн ортосунда сатып алып, муну менен акчаларыңызды салуу мөөнөтүн кыскартсаңыз болот.

Баалуу кагаздарды сатып алууда компаниянын финансылык отчётуна көңүл бөлүү керек. Ушул көрсөткүч компаниянын абалын мүнөздөйт. Инвестор өздүк капиталдын жана карызга алынган капиталдын өлчөмүнө, ошондой эле акыркы үч мезгил ичиндеги  компаниянын тапкан пайдасына көңүл бөлүүсү зарыл.

Мындан тышкары, коштолгон документтерди – ачык сунуштун шарттарын жана баалуу кагаздар боюнча атайын дайындалган маалыматтарды кылдат изилдеп чыгуу керек. Ал документтерде инвестордун укуктары менен эмитенттердин милдеттери жазылат.

Ошондой эле, албетте, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу келишимдерин кылдап окуп чыгып, сиздин маалыматтар туура киргизилгендигин текшерүү жана келишимдин бардык пунктулары менен таанышып чыгуу зарыл.

Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Баалуу кагаздар рыногу – бул баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү боюнча рыноктун катышуучуларынын ортосундагы экономикалык мамилелер.

Баалуу кагаздар рыногунун структурасы биринчилик жана экинчилик рыноктор болуп бөлүнөт.

Биринчи рынок деген термин баалуу кагаздардын жаңы чыгарылышын сатуу жана сатып алуу дегенди билдирет. Акцияларды жана облигацияларды биринчи рынокто сатуунун натыйжасында эмитент керектүү финансылык ресурстарды алат, ал эми баалуу кагаздар баштапкы сатып алуучулардын (инвесторлордун) карамагына берилет.

Кийинчерээк инвестор бул баалуу кагаздарды башка жактарга кайра сатууга укуктуу жана алар өз кезегинде алардын да башка инвесторлорго кайра сатууга эркин укугу бар. Баалуу кагаздарды кийин кайра сатуу (жүгүртүү) экинчилик рынокту түзөт, мында эмитент үчүн жаңы финансылык ресурстар топтолбойт, ал эми ресурстар кийинки инвесторлор арасында эле кайра бөлүштүрүлөт.

Баалуу кагаздардын түрлөрү

Баалуу кагаздарга баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарда же анда белгиленген тартипте каралган мамлекеттик облигациялар, облигациялар, вексельдер, чектер, депозиттик сертификаттар жана аманат сертификаттары, банктык аманат китепчеси, коносамент, акция, менчиктештирүү баалуу кагаздары жана башка документтер кирет.

Акция – инвестордун акционердик коомдун уставдык капиталына кошкон салымын күбөлөндүргөн түбөлүктүү баалуу кагаз. Аны кармоочунун акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн үлүш пайда түрүндө алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга жана ал жоюлгандан кийин калган мүлккө болгон укугун ырастоочу баалуу кагаз.

Артыкчылыктуу акция – биринчи кезекте (жөнөкөй акциялардын ээлерине караганда) коом жоюлганда төлөнүүчү (жоюу наркы) наркта жана белгиленген өлчөмдө үлүш пайда алууга укук берүүчү акциялар. КР мыйзамдарына ылайык артыкчылыктуу добуш берүү укугуна ээ эмес, б. а. алардын ээлеринин (добуш берүү жолу менен) эмитент-уюмду башкаруу ишине катышуу укуктары жок. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акция саны акционердик коомдун баардык акцияларынын 25%нан ашпоосу тийиш.

Акция наркы – акциялардын сатуу баасы, ал эркин базар шарттарында туруктуу чоңдук боло албайт; фондулук биржада аныкталат. Акция аны банкка жайгаштырууда үлүш пайдадан кем эмес киреше алып келүүчү суммага сатылат. Акциянын наркы акциялардын ушул түрүнө суроо-талапка жана сунушка жараша болот. Акционердик коом ал боюнча үлүшпайдага төлөп берүүчү документ купондук баракча деп аталат.

Жөнөкөй акция – бул акционердик коом жоюлган учурда анын менчик ээсинин үлүшкө болгон укугун күбөлөндүргөн, анын ээсине коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденд түрүндө алууга жана аны башкарууга катышууга укук берген баалуу кагаз.

Депозитарий – баалуу кагаздардын сертификаттарын сактоо жана/же эсепке алуу жана баалуу кагаздарга менчик укугун өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.

Дивиденддер акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал акционерлердин (акциялардын ээлеринин) ортосунда бөлүштүрүлөт жана акциялардын санына жана түрүнө ылайык мезгил-мезгили менен (көбүнчө жыл сайын) төлөнүп берилет.

"Депо" эсеби – жеке же юридикалык жакка баалуу кагаздарга ээлик кылуунун натыйжасында алынган баалуу кагаздарды кармоо үчүн ачылган эсеп.

Эмитент – ал баалуу кагаздар аркылуу бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча баалуу кагаз ээлеринин алдында өзүнүн атынан милдеттенмелерди алып жүргөн юридикалык жак.

КРнын Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден окусаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media